Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

"Клооп" террорчулук идеясын жайылтканбы?


"Ислам мамлекети" тобунун видеосунан алынган сүрөт.
"Ислам мамлекети" тобунун видеосунан алынган сүрөт.

Ички иштер министрлиги “Клооп” интернет порталындагы “казак жихадчыларынын балдары” тууралуу макала боюнча прокуратурага кайрылды.

Милиция ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына террорчул-экстремисттик идеяларды билип-билбей жайылтуудан алыс болууну эскертти. “Клооп” ИИМдин мындай иш-аракетин сынга алууда.

“Клооп” интернет порталы “казак жихадчыларынын балдары” тууралуу чуулуу макаланы видеосу менен башка сайттан көчүрүп алып жарыялаган. Буга байланыштуу дароо эле Казакстандын Маалымат жана байланыш министрлиги, андан соң Кыргызстандын Ички иштер министрлиги терроризм тууралуу мыйзамдар бузулганын айтып, бул макаланы алып салуу боюнча кат жиберишкен.

Аталган порталдын өкүлү Элмурат Ашыралиев “Клооп” болгону макаланы маалымат иретинде жайгаштырганын айтып, террорчул идеялардын жайылышына көмөктөштү деген дооматты четке кагууда:

- “Дэйли Мэйл” гезитине чыккан макаланы биз 24-ноябрь күнү өз порталыбызга жарыялаганбыз. Эртеси күнү эле казак министрлигинен эл аралык нормаларга ылайык жана өздөрүнүн ички мыйзамдарына таянып, "бул макаланы алып койгула" деген кат келген. Бирок биз макаланы алып салуудан баш тарттык. Бир күндөн кийин Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен кат келген. Эгер сот чечим чыгарса, видеону алып коюуга мажбур болобуз. Биз деле жоопкерчиликти түшүнөбүз. Коомдогу көйгөйдү көрсөтүү, чагылдыруу гана башкы максатыбыз болгон. Себеби буга чейин кылмыштуу террорчул уюмдарга тартылган чоң аял - эркектер тууралуу гана маалымат чыгып келген, ал эми бул балдар да террордук уюмга тартылып, курал болуп жатканы тууралуу алгачкы маалымат эле.

Эми бул жагдайды прокуратура текшерип, укуктук баа бермекчи. ИИМ айрым маалымат каражаттар атагын чыгаруу үчүн билип-билбей террорчул идеяларды жайылтууга көмөктөшүп жатканы тууралуу билдирүү жасады. Эгер чектен чыккандар болсо тиешелүү мыйзамдардын негизинде чара көрүлөрүн эскертти. “Клооптун” негиздөөчүсү Бектур Искендер Фейсбуктагы баракчасына кыргыз милициясын терроризм маселелери тууралуу макаланы үгүткө теңегенин сындап, өз өлкөсүнүн журналисттерин коргоо ордуна казак бийлигинин каарынан коркуп жатат деп жазды.

Диний эксперт Назира Курбанова болсо мындай учурда тыюу ыкмасы тескери натыйжа берет деп эсептейт:

- Маалыматты катпаш керек. “Клооптогу” макаланын жарыяланышына Казакстандын каршы чыгышы, дүйнө жүзүнө ушундай окуялар менен атагын чыгаргысы келбей жатканынан кабар берет. Мындай маселе коомчулукта талкууланышы керек. Бирок аны кантип көрсөтүп, жарыялап жатат бул башка маселе. Биз мындай көрүнүштөрдү, адамзатка, исламга каршы экенин баса көрсөтүшүбүз керек.

Мындай пикирге Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орун басары Закир Чотаев да кошулат. Бирок журналисттер экстремизм-терроризм тууралуу маалымат таратууда, мындай терс көрүнүштөрдүн кесепеттери боюнча макала жазууда астейдил болушу зарыл экенин кошумчалады:

- “Кара пиар” деле реклама да. Анын кесепети тийиши мүмкүн. Кайсы бир адамдарда ошондой макалаларды окуп, видеолорду көргөндөн кийин “баарын таштап салып, мен деле кетип калайын” деген ой жаралышы мүмкүн. Мен жаап салуу, бууп салуу деген ыкмаларды колдобойм. Бирок маалымат каражаттары ошол макала “кара пиар” болобу, же ошондой терс көрүнүштөрдөн сактанууга чакырабы, мына ушуну так аныктап алганы, так жазганы өтө маанилүү. Ошондой макалалар терроризмдин жайылышына, ага дагы адамдардын тартылышына шыкак болбошу керек.

“Ислам мамлекети” радикал тобу буга чейин куралчан аскерий машыгууда жүргөн, казакстандык делген тестиер балдар тартылган видео тасманы интернетке жарыялаган. Анда балдар куран жана араб тилин үйрөнүп жатканы да көрсөтүлгөн. Муну жергиликтүү жана эл аралык коомчулук кескин айыптаган.

XS
SM
MD
LG