Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Палестина бир-эки жылда мамлекет болгусу келет


Палестина.
Палестина.

Палестин автономиясы даярдаган резолюция долбоору БУУнун Коопсуздук кеңешинин кароосуна берилди. Анда жөөт-палестин чатагын жөнгөрүп, тынчтык келишимине жетишүү үчүн бир жылдык мөөнөт чегерилген. Бирок Израил сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтү көргөзүлүшүнө каршы чыгууда.

Палестина менен Израилдин жарым кылымдык жаңжалын жөнгө салууну караган резолюция долбоору БУУнун Коопсуздук кеңешине Иордания тарабынан киргизилди.

Палестин лидери Махмуд Аббас жума күнү Рамаллада автономия жетекчилери менен жыйында документтин мазмуну жана жоболору тууралуу буларга токтолду:

- Биз Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине долбоорду Израил Палестин жерин оккупациялоосунун акыркы мөөнөтүн белгилөө максаты менен киргиздик. Бир туугандарыбыз жана досторубуз менен аны даярдоо жараянынын жүрүшүндө талкууладык. Долбоор кош мамлекет чечими 1967-жылкы чек араларга негизделүүсүн, Иерусалим эки өлкөнүн борбору, анын ичинде Чыгыш Иерусалим Палестин мамлекетинин борбору болушун кепилдейт. Конуш куруу аракеттери (Израил тараптын) толук токтотулушу керек. Эл аралык үчүнчү тараптын турушуна мүмкүндүк берген коопсуздук чаралары көрүлүшү абзел. Биз сүйлөшүүлөр үчүн эл аралык конференцияны колдойбуз. Бирок сүйлөшүүлөр бир жылдан ашпоосу, Израилдин палестиндердин мамлекетиндеги оккупациясы 2017-жылдын аягына чейин бүтүшү керек.

Палестина жарандары менен Израил аскерлери. 8-август, 2014-жыл.
Палестина жарандары менен Израил аскерлери. 8-август, 2014-жыл.

Палестин лидери оккупация дегенде Израилдин коопсуздук күчтөрү алардын аймактарынан толук чыгарылып кетишин эске алып жатат.

Палестин автономиясынын БУУдагы элчиси Риад Мансурдун айтымында, алар резолюция добушка дароо коюлушуна ашыкпайт. Бул Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, анын ичинде АКШ менен талкууларды өткөрүүгө мүмкүндүк бермекчи.

Кеңештин туруктуу мүчөсү катары буга чейин АКШ Израилди бутага алган чараларга вето салып келген. Коопсуздук кеңешине резолюция долбоору берилишине тушташ Европарламент Палестин автономиясынын мамлекеттүүлүгүн таанууну принцибинде колдоду.

Солчул депутаттар шаркетке мүчө 28 өлкө Палестинанын мамлекет катары шартсыз таануусун көздөшкөнү менен консерватор жана борборчул депутаттар буга сүйлөшүү аркылуу жетүүнү жакташты.

Натыйжада Европарламенттин мунаса менен жактырылган резолюциясы айрым улуттук парламенттердикин туураган жок. Быйыл октябрда Палестинаны Швеция тааныган, андан бери Франция жана Ирландиянын парламенттеринде өкмөттөр аткарууга милдеттүү эмес чечимдер кабыл алынды.

Айрым талдоочулар Палестин автономиясынын мамлекеттүүлүгүн колдоо боюнча Европадагы жараяндарды Израилге жана ордунан жылбаган тынчтык сүйлөшүүлөргө карата чыдам түгөнгөнүнүн жышааны иретинде сыпатташууда.

Ал эми Израил палестин тарап менен тынчтык келишимге жетишүү үчүн күн мурунтан мөөнөт белгиленишине каршы чыгып келет.

Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

Жөөт өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху ушул аптада кабарчылар менен маегинде:

- Биз акыркы жылдары Израилдин коопсуздугуна залакасын тийгизүүчү жана чыныгы тынчтыкка шайкеш келбеген шарттарды таңуулоо аракеттерине бир нече ирет каршылык көргөздүк. Убакытты чектөө боюнча бир тараптуу таңуулоону биз бул жолу да кабыл албайбыз. Мен бул нерселерди ачык айтып жатам. Таңуулоо болсо биз каршылык билдиребиз, - деп айтты.

Израил менен Палестинанын АКШ ортомчулугу астындагы акыркы сүйлөшүүлөрү быйыл апрелде үзгүлтүккө учураган. Бул Обама администрациясынын жөөт-палестин чатагын жөнгө салуу аракетинен экинчи ирет майнап чыкпай калышы болду.

Андан кийин ушул жайда Израил Газа секторунда ХАМАСтын ракета атуулары менен кол салууларын токтотуу үчүн деген жүйө менен өткөргөн аскерий операция 50 күнгө созулуп, анын учурунда 2100дөн ашуун палестиналык, жетимиштей израилдиктин өмүрү кыйылды.

БУУнун Башкы ассамблеясы 2012-жылдын ноябрында Палестин автономиясынын макамын көтөрүп, аны “мүчө эмес байкоочу өлкө” иретинде тааныган. Андагы резолюцияны колдогон 138 мамлекеттин арасында Кыргызстан да бар.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG