Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Франция: Палестинаны таануу резолюциясы талкууда


Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Палестина лидери Махмуд Аббас. Париж, 2013-жыл
Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Палестина лидери Махмуд Аббас. Париж, 2013-жыл

Франциянын парламенти Палестинаны мамлекет катары таануу боюнча резолюция долбоорун 2-декабрда карамакчы. Байкоочулар символикалык мааниге ээ документ парламенттин төмөнкү палатасында колдоо табат дешет.

Жума күнү Франциянын парламенти Палестинаны мамлекет катары таануу маселесин талкуулады. Бийликтеги Социалисттик партиянын тобу депутаттарга сунуш кылган документ Жакынкы Чыгыштагы “жаңжалды жөнгө салуу максатында өкмөттү Палестина мамлекетин таанууга” үндөйт. “Франция жана Европа биримдиги буга чейин жактап келген “эки мамлекет” принцибинде Израил менен катар Палестина мамлекетинин таанылышы каралган”, - деп айтылат резолюцияда.

Парламенттин төмөнкү палатасы – Улуттук ассамблеядагы талкуу кызуу талаш-тартыш менен коштолду. Оңчулдардын бир бөлүгү солчулдардын демилгесине каршы чыгышты. Айрымдар Конституция депутаттарга өлкөнүн дипломатиялык жол-жоболорун кайра жазып чыгууга укук бербейт деген жүйө келтиришти. Башкалары “өкмөтүнүн жарымы коррупциялашкан, жарымы жихадчылардан турган мамлекеттин кереги барбы?” деген маселени козгошту.

Палестина менен Израил ортосунда тиреш токтобой келет. Сүрөттө Израил армиясына каршылык көрсөткөн палестиналыктар. 2014
Палестина менен Израил ортосунда тиреш токтобой келет. Сүрөттө Израил армиясына каршылык көрсөткөн палестиналыктар. 2014

Тышкы иштер комитетинин төрайымы Элизабет Гигу бул сындарга мындай жооп кайтарды:

- Ушул жайда башталган зордук-зомбулуктун жаңы айлампасы уланып жатканын өз көзүбүз менен көрүүдөбүз. Курмандыктардын көбү бейкүнөө жайкын жашоочулар. Муну токтотуу керек, – деди депутат.

Талкууга тышкы иштер министри Лоран Фабиус катышып, эл аралык коомчулук касташкан эки тарапты тынчтыкка алып келчү кадамды шилтөөгө жардам бериши керек деп белгиледи:

- Бул динамиканы колдоо үчүн эл аралык конференция уюштурулушу мүмкүн. Франция демилгени өз колуна алууга даяр. Ошол дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө Палестин мамлекетин таануу жаңжалды биротоло жөнгө салууда, тынчтык орнотууда жакшы өбөлгө болуп бермекчи.

Министр Францияда Улуттар уюмундагы өнөктөштөр менен бирге тынчтык сүйлөшүүлөрүн өтөсүнө чыгаруу аракети жүрүп жатканын айта кетти:

- Сүйлөшүүлөр көздөгөн максатына жетпей калса, Франция жоопкерчиликти өзүнө алып, Палестина мамлекетин дароо таанууга тийиш жана биз ага даярбыз.

Байкоочулар символикалуу мааниге ээ документ 2-декабрда парламенттин төмөнкү палатасында колго салынганда оңой эле жактырылат дешет. Бирок бул багыттагы акыркы сөз, Франциянын мыйзамдарына ылайык, аткаруучу бийликке таандык.

Европа биримдиги палестиналыктар менен Израил ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жай жүрүп жатышына камтамасын билдирип келатат. Ушундай эле резолюцияларды буга чейин Британия, Ирландия жана Испаниянын мыйзамгерлери кабыл алган.

30-октябрда Швеция Палестин мамлекетин тааныган Европанын алгачкы чоң өлкөсү болуп калды.

Швециянын тышкы иштер министри Маргот Вальстрем.
Швециянын тышкы иштер министри Маргот Вальстрем.

​Швед тышкы иштер министри Маргот Вальстрем бул кадам “башкаларды да шыктандырат жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандантууга жаңы дем берет” деп үмүттөнөрүн айткан. Палестина лидери Махмуд Аббас расмий Стокгольмдун чечимин кубаттаса, Израил катуу сындап, нааразылыгын билдирген.

Ага чейин Мальта жана Кипр ошондой чечим кабыл алышкан болчу. Ал эми Венгрия, Словакия жана Польша Европа биримдигине кошула электе Палестинаны тааныган.

24-ноябрда палестин эли менен тилектештиктин эл аралык күнүндө БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Израил менен Палестинанын жаңжалын жөнгө салуу боюнча саясий жолдун табылбай жатышы өкмөттөр менен парламенттерди Палестина мамлекетин таануу аракеттерин көрүүгө түртүп жатат деп айтты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жен Псаки октябрдын башында Палестинаны эл аралык коомчулук тарабынан таануу эртелик кылат деген оюн билдирген.

XS
SM
MD
LG