Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

БУУ Палестинаны “мүчө эмес байкоочу өлкө” катары тааныды


БУУнун Башкы ассамблеясы түндө кабыл алынган резолюциясы менен Палестин автономиясынын макамын көтөрдү. Эми анын “мүчө эмес байкоочу мүчө өлкө” макамы Иордандын батыш жээги, Газа сектору, Чыгыш Иерусалимди камтыган палестин мамлекетин тикелей эмес таануу дегенди билдирет.

БУУнун Башкы ассамблеясынын кароосуна коюлган резолюцияга добуш берүү учурунда 138 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да колдоду. Тогуз мамлекет: АКШ, Канада, Израил, Чехия, Панама, Маршалл аралдары, Микронезия, Науру жана Палау каршы чыкты. 41 өлкө калыс калды.

БУУдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын Иордандын батыш жээгиндеги Рамаллада жана башка шаарларды көчөгө чыккан палестиндер толкундануу менен ырдап, бийлеп кабыл алышты.

Палестиндердин БУУдагы өкүлү Рияд Мансур 29-ноябрды “тарыхый күн” деп атады:

- Бүгүнкү тарыхый күндөгү добуш берүү таң каларлыктай болду. БУУга мүчөлөрдүн үчтөн экисинен көбү Палестинаны колдоду. Башкы ассамблея палестин мамлекетин таанууну мыйзамдаштарды жана анын байкоочу өлкө макамын, мүчө эмес байкоочу өлкө макамына чыгарды.

Палестин президенти Махмуд Аббас добуш берүүнүн алдында Башкы ассамблеяны “Палестинага туулгандыгы тууралуу күбөлүктү” тапшырууга үндөгөн.

Палестиндер майрамдаганына карабай, талдоочулар эңсеген көз карандысыздыкка Израил менен тынчтык келишимине жетүү аркылуу гана мүмкүндүгүн баса көргөзүүдө.

Ушундай эле ойлор БУУ трибунасынан да айтылды. Баш катчы Пан Ги Мун добуш берүү жыйынтыгын “маңыздуу сүйлөшүүлөрдүн жандануу зарылдыгын” баса белгилгендик деп мүнөздөдү.

Жаңы резолюция жеринде эч нерсени өзгөртпөйт деп эсептеген Израил палестиндер менен тынчтыкты кааларын, бирок соңку кадам бул аракеттерди создуктуруп турарын айтууда:

- Тынчтыкка жетүүнүн жалгыз жолу - БУУнун Израилдин өтө маанилүү коопсуздук жана улуттук кызыкчылыктарын жериген резолюциялары эмес, тараптар ортосундагы макулдашуу. Бул резолюция бир жактуу болгондуктан, ал тынчтыкты көздөй жылдырбайт, кайра артка тартат. БУУнун эч бир чечими Израил эли менен Израил жеринин төрт миң жылдык байланышын үзө албайт.

Израилдин турумун Кошмо Штаттар да колдоодо. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон добуш берүүдөн кийин:

- БУУнун Башкы ассамблеясынын Палестинанын макамы боюнча резолюциясы тынчтыкты көздөй бараткан жолдогу кошумча тоскоолдук. Биз үчүн Израил да, Палестина да тынчтыкка тараптардын тикелей сүйлөшүүсү аркылуу гана жетээри анык.

Палестинанын макамынын көтөрүлүшү БУУнун уюмдарына, анын ичинде Эл аралык Кылмыш сотуна кирип, ал аркылуу Израилге доо арыз берүүгө мүмкүндүк берет.

АКШдагы Нью-Йорк университетинин Жакынкы Чыгыш боюнча эксперти Алон Бен-Меир “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде резолюциянын болочок таасирлери тууралуу буларга токтолду:

- Ал динамиканы өзгөртүүсү мүмкүн. Израилге январдагы шайлоодо жериндеги жаңы фактыларды көргөзөт. Бул Кошмо Штаттарды Жакынкы Чыгышта болуп жаткандар, өзгөчө израилдиктер менен палестиндер ортосунда конструктивдүү диалогго кайра отургузат. Бул эл аралык коомчулуктун да кайрадан олуттуу көңүл буруусун шарттайт. Ал жерде Евробиримдик мурдагыдан кеңири роль ойной алат.

Бейшембидеги Палестинанын макамын көтөрүү боюнча БУУдагы добуш берүү мындан туура 65 жыл мурда 181-резолюция кабыл алынган күнгө туш келди. Ал резолюцияда эки мамлекет түзүү чечими кабыл алынып, ага ылайык Израил өлкөсү негизделген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG