Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

АКШ Палестинанын БУУдагы мүчөлүгүнө вето салат


Барак Обама Махмуд Аббас менен жолугууда. Нью-Йорк, 21-сентябрь, 2011-жыл.
Барак Обама Махмуд Аббас менен жолугууда. Нью-Йорк, 21-сентябрь, 2011-жыл.

АКШ президенти Барак Обама Нью-Йоркто Палестинанын жана Израилдин лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бирок тараптардын туруму өзгөрүүсүз калгандай. Палестин автономиясы БУУда мамлекет катары таанылууну көздөп жатса, АКШ менен Израил бул маселе эки тараптын сүйлөшүүсү аркылуу гана чечилүүсү зарылдыгын айтууда.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, Барак Обама Махмуд Аббас менен сүйлөшүү учурунда АКШ БУУнун Коопсуздук кеңеши Палестин автономиясын көз карандысыз мамлекет катары таануу үчүн кандай кадам жасабасын ага вето саларын дагы бир жолу эскерткен.

Анткени БУУга жаңы мүчө болгусу келген тараптын арызы оболу Коопсуздук кеңешинде кеминде тогуз, анын ичинде беш туруктуу мүчөнүн добушу менен жактырылып, андан соң Башкы ассамблеяга чыгарылуусу керек. Кеңештин туруктуу беш мүчөсүнүн бири катары Кошмо Штаттары вето салуу укугуна ээ.

Тынчтыкка резолюция менен жетишүү мүмкүн эмес

АКШ президенти Палестин автономиясынын БУУда таанылуу мүдөөсүнө шаршембиде Башкы ассамблеяда сүйлөгөн учурунда да токтолду. Анын айтымында, Израил менен Палестинанын талашын чечүүнүн жалгыз жолу - сүйлөшүү. Аймактагы тынчтык акыркы аягында узак мөөнөткө бирге жашай турган эки элге көз каранды:

- Акыр аягында аларды бөлгөн маселелер: чек ара, коопсуздук, качкындар, Иерусалим боюнча биз эмес, израилдиктер жана палестиналыктар макулдашууга жетишүүсү керек. Биздин сөздөрүбүз аяктап, добуштарыбыз саналгандан кийин тынчтык акыр аягында узак мезгил бирге жашоочу адамдар арасындагы мунасага көз каранды болот.

Обаманын чечимине нааразылардын демонстрациясы, 22-сентябрь, 2011-жыл
Барак Обама Нью-Йоркто Изралдин премьер-министри Бинямин Нетаняху менен да сүйлөшүү өткөрдү.

Жөөт премьер-министринин ишениминде, Палестин автономиясынын БУУда бир тараптуу таанылуу аракетинен майнап чыкпайт:

- Палестиналыктар менен израилдиктер бирге отуруп, бири-бирин таанууну жана коопсуздукту макулдашуусу керек. Менимче бул туруктуу жана бекем тынчтыкка жетүүнүн жападан жалгыз ыкмасы. Палестиндер мамлекетине татыктуу, бирок ал Израил менен тынчтыкты камсыздоосу керек болгон мамлекет. Андыктан алардын бул жараяндан чыгып, тынчтыкты сүйлөшпөй туруп, БУУга мамлекет катары мүчө болуу аракети ийгилик таппайт.

АКШ, анын өнөктөшү Израил да эки тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу керек деп эсептешүүдө.

Палестиндердин туруму

Палестин лидери Махмуд Аббас АКШнын жетекчилиги астында жыйырма жылдан бери өтүп жаткан сүйлөшүүлөр майнап берген жок деген көз карашта.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү акыркы ирет мындан бир жылча мурун үзгүлтүккө учураган. Анын алдында Израил Иордандын Батыш жээгинде жөөт конуштарынын курулушуна киргизилген мораторийдин мөөнөтүн узарткан эмес. Бирок турмушка жарамдуу мамлекетти куруу үчүн Израил менен сүйлөшүү баары бир талап кылынарын жокко чыгарышпаганы менен палестин бийликтери беттегенин бербечүдөй.

Палестин мамлекеттүүлүгү таанылышын колдогон демонстрация.
АКШ президентинин аргументтерине карабай, палестин расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Махмуд Аббас БУУга мүчөлүк боюнча арызды баш катчы Пан Ги Мунга 23-сентябрда тапшырганы жатат.

22-сентябрда Иордандын Батыш жээгиндеги шаарларда миңдеген палестиндер БУУда таанылуу мүдөөсүн колдоп, демонстрацияларга чыгышты. Активисттердин бири Мохаммед эл-Масри мындай дейт:

- Бул демонстрация бүткүл дүйнөгө палестин эли президент Махмуд Аббастын сунушун колдорун каңкуулоодо. Биз Палестин мамлекети эл аралык деңгээлде таанылышы үчүн Коопсуздук кеңешине кеткен жетекчиликти колдойбуз.

Анткен менен Палестинанын саясий топтору ортосунда бул маселеде ажырым бардай. Маселен согушчан "Хамас" тобунун өкүлү Сами Абу Зухри "Рейтердин" кабарчысына буларды айтты:

- Улуттар уюмундагы жыйындардын башталышы менен биз кайталап кеткибиз келет: Аббастын аракети жеке кадам жана палестин элинин көпчүлүгү колдобойт. Бул эстетикалык гана кадам жана мындан палестин элине реалдуу деле пайда болбойт.

Мүчө эмес, байкоочу макамын ыйгаруу

Палестин маселесине БУУнун Башкы ассамблеясынын алгачкы иш күнүндө дүйнөнүн башка лидерлери да кайрылышты. Америкалык “Вашингтон Пост” гезити жазгандай, 22-сентябрдагы сөздөр Палестин – Израил маселеси боюнча АКШ менен анын европалык салттуу өнөктөштөрү ортосунда ажырым бардыгын көрсөттү. Маселен француз президенти Николя Саркози Башкы ассамблеяны Палестинага мүчө эмес, байкоочу макамын берүүгө чакырды. Бул кадамды АКШ колдобойт жана Израил да каршы.

Француз президентинин айтымында, Палестина менен Израилдин макулдашуусу үчүн Башкы ассамблея бир жылдык мөөнөт белгилеп, сүйлөшүүлөр бир ай ичинде башталуусу керек.

Кыргызстан кандай добуш берүүсү керек?

БУУдагы эреже боюнча Палестинага байкоочулук макамды Коопсуздук кеңешинин чечимисиз эле Башкы ассамблея жөнөкөй көпчүлүк добуш менен ыйгара алат. Кокус Башкы ассамблеяга Палестинага байкоочу макамын берүү сынушу киргизилсе, анда Кыргызстанга да добуш берүүгө туура келет.
Биз Палестин мамлекети эл аралык деңгээлде таанылышы үчүн Коопсуздук кеңешине кеткен жетекчиликти колдойбуз.

Мурдагы мамлекет катчы жана дипломат Ишенбай Абдуразаков төмөнкүдөй пикирин билдирди:

- Башкы ассамблеяга чыгарылып калса, азыркы маалыматтар боюнча көп өлкө колдоп добуш берет экен. Албетте Азия, ислам өлкөлөрүнүн көпчүлүгү буга добуш берип жаткандан кийин биз да Палестинанын койгон суроосун колдошубуз керек. Себеби менин билишимче 120 өлкө муну колдойбуз деп жатат.

БУУдагы эреже боюнча мүчөлүккө арыз берилгенден кийин Коопсуздук кеңеши аны кароо үчүн атайы комитет уюштурат. Ал комитет арызды 35 күн ичинде карап чыгуусу керек. Бирок дипломаттардын айтымында, бул жараян белгисиз мөөнөткө узарып кетиши да мүмкүн. Коопсуздук кеңешинин жана Башкы ассамблеянын жактыруусуз Палестинга БУУга мүчө боло албайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG