Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Түркия Израилди Эл аралык сотко берет


Мындай чечим былтыркы окуя боюнча БУУнун баяндамасынан соң жарыялады. Израилдин Палестинадагы Газа тилкесин деңизден блокадалоосу чыр жаратууда.

Түркия Израилди Улуттар Уюмунун Гаагадагы эл аралык сотуна берери жөнүндө коңшу жана өнөктөш эки өлкөнүн алака-катышы дагы бир жаңы баскычка төмөндөгөн кезде билдирүүдө. Түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглынын айтымында, Анкара Израил Палестинадагы Газа тилкесин деңизден блокадалоосуна макул эмес жана муну эл аралык мыйзамдарга каршы келет деп эсептейт:



-Түркия Жер ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүндө кемелердин эркин жүрүүсү үчүн зарыл деп эсептеген чаралардын баарын көрөт. Израилдин Газа секторунун блокадалануусун Түркия тааныбайт. Блокада маселеси Эл аралык Адилет сотунда териштирилүүсүн кепилдейт.

Ахмед Давутоглы ишемби күнү мамлекеттик ТРТ телеканалындагы маегинде Израилге каршы доо арыз Эл аралык сотко ушул аптада жолдонорун белгиледи.

Анкарадан Израилдин дарегине карата ачуулуу сөздөрдүн жаңы толкуну Улуттар Уюму эки өлкөнүн мамилесин бузган былтыркы окуяны иликтөө боюнча жыйынтык баяндамасын жарыялагандан кийин айтылууда.

Былтыр майда болокадада турган Газа секторуна гуманитардык жүк тартып бара жаткан кемелерге Израилдин коопсуздук күчтөрү тик учак менен келип жортуул жасаган.


2010-жылдын 30-майындагы жортуул.
“Тынчтык флотилиясы” деген ат менен бара жаткан кемелер Израилдин деңиздеги блокадасын бузуп, палестиндердин исламчыл Хамас кыймылы көзөмөлдөп турган Газа секторуна жетүүгө аракеттенген.

Израилдин аскерлери менен кагылыштардан кемелердин бириндеги түрк активистеринин тогузу каза тапкан эле. Улуттар Уюму мына ушул окуя боюнча өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жума күнү жарыялады.

Баяндамада Израилдин коопсуздук күчтөрү Газа секторуна жүк тартып бара жаткан кемедегилерге каршы “ашыкча күч” колдонгону, бирок Газа секторунун блокадалануусу мыйзамдуу коопсуздук чарасы экендиги айтылган.

Бул баяндама жарыялангандан кийин Израил өкмөтү былтыркы рейд учурунда адам өмүрү кыйылганына кайрадан өкүнүч билдирип, бирок Анкара талап кылгандай Түркиядан кечирим сураган жок.

Израилдин премьер-министр Биньямин Нетаньяху да өкмөттүн жекшемби күнкү отурумунда ушул эле турумду кайталады. Ал коңшу Түркия менен тирешүүнү алгачкы ирет комментарийлеп, өз өлкөсүнүн кечирим суроосуна зарылдык жоктугун, Израил “өз жарандарын, балдарын, жамааттарын коргоп жаткандыгын” белгиледи. Жөөт өкмөт башчысы ага катар түрк жарандарынын өлүмү үчүн өкүнөөрүн, Түркия менен алака оңолуп кетет деп үмүттөнөөрүн кошумчалады.

Израилдин кечирим сурабай турганы анык болгондон кийин Түркия өткөн жума күнү жөөт элчисин Анкарадан чыгарып, эки ортодогу аскерий кызматташтыкты токтоткон. Түрк президенти Абдулла Гүл дагы башка кадамдар жасалышы мүмкүндүгүн эскертет:


Түркиянын президенти А.Гүл менен Палестинанын лидери Махмуд Аббас, Анкара, 2010-ж.

-Айрымдар биздин чечкиндүүлүгүбүздүн деңгээлин алигиче түшүнө албай жатышы мүмкүн. Азыр көрүлгөн чаралар алгачкы гана баскыч. Окуялардын өнүгүшүнө жана Израилдин жүрүм-турумуна жараша алдыда башка да чаралар болушу мүмкүн.

БУУнун былтыркы баяндамасынын жарыяланышы убакытты созуп, балким эки тараптын элдешүүсүнө жардам берет деген үмүттө бир нече ирет кийинкиге калтырылып келинген. Бирок соңку билдирүүлөргө караганда, бул үмүттөр акталган жоктой.

Бул аралыкта Улуттар Уюму менен АКШ Израил менен Түркияны алакасын оңдоого үндөп жатышат. Маселен БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун айтымында, бул эки коңшунун мамилеси Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараян үчүн чечүүчү мааниге ээ.

АКШнын Мамлекеттик департаменти болсо Вашингтон Израил, Түркия менен бирдей узактан бери достук мамиледе экендигин белгилеп, эки тарап пикир келишпестикти жеңе албай жатканына өкүнүч билдирди. Мамлекеттик департамент кошумчалагандай, АКШ Түркия менен Израилди алаканы жакшыртууга шыктандырат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG