Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Түркия-Израил: мамилелер оңоло баштады


Түркиянын Тел-Авивдеги элчилиги.
Түркиянын Тел-Авивдеги элчилиги.

Газа тилкесине гуманитардык жардам тартып бараткан кемелерге чабуул коюлуп, 9 түрк жаранынын өлтүрүлүшүнөн кийин Израил менен Түркиянын ортосунда пайда болгон кризисти жөнгө салууга багытталган аракеттер оңунан чыга баштаганы байкалат.

Мындан эки жыл мурда Израилдин Газа тилкесинде жүргүзгөн аскердик операциясынан кийин Израил-Түркия мамилелери солгундап калган. Ушул жылдын май айында Газа тилкесине жардам жеткирип бараткан түркиялык жеке бир коомдун “Көгүлтүр Мармара” аттуу кемесине чабуул болуп, анын ичиндеги 9 түрк жаранынын атып өлтүрүлүшүнөн кийин эки өлкө ортосундагы мамилелер ого бетер начарлаган.

Түркия Тел-Авивдеги элчисин чакыртып алып, мамилелерди калыбына келтирүү үчүн Израил өкмөтү жабырлануучулардын үй-бүлөсүнө кун төлөп, бул окуяга байланыштуу расмий кечирим сурашы керектигин талап кылды. Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу бул талаптарды БУУнун Коопсуздук кеңешинде жана башка эл аралык жыйындарда кайталап келди.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган өткөн айда Пакистанга жасаган сапары маалында да бул маселеге токтолуп, “Израил кечирим сурап, компенсация төлөшү керек. Антпесе Жакынкы Чыгыш аймагында четте кала берет” деп айткан.

Израилдин тышкы иштер министри Авигнон Либерман Түркиянын талабына көнбөй, мамилелер туңгуюкка кептелген. Бирок өткөн аптада Израилдеги токойдо чыккан өрттү өчүрүү иштерине Түркия атайын учактарды жиберип, мамилелер оң жагына бурулуп, эки тарап Женева калаасында сүйлөшүүлөрдү баштады.

Женевада Израил кеме окуясында жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө 100 миң доллардан компенсация төлөөгө макул болгонун, бирок мында эч кандай кечирим суроо тууралуу сөз болбошу керектигин талап кылганын Израилдин массалык маалымат каражаттары кабарлаган. Апта башында кризисти чечүүдө жылыштар бар болгонун айткан Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу мындай кабарларды төгүндөдү:

- Сүйлөшүүлөр уланып жатат, бирок бул кабарларга мен да таң калып жатам. Анткени бул кабарлар жалган.

Түркия Израилдин эгемендүүлүгүн тааныган алгачкы өлкө. Араб-Израил жаңжалында да Анкара бейтарап саясатты карманып, ошол эле учурда Израил менен стратегиялык өнөктөш болуп, жаңжалдардын очогу болгон бул аймакта бирден бир досуна айланган.

Бирок мындан эки жыл мурда Израилдин Газа тилкесиндеги жүздөгөн карапайым палестиналык арабдын өлүмүнө себепкер болгон аскердик операциясынан кийин түрк өкмөтү Израилди кескин сынга алган. Давостогу экономикалык форумда өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдогандын Израилдин президенти менен кайым айтышуусу мамилелердин салкындашына себепкер болуп, кемелердин окуясынан кийин мамилелер ого бетер бузулган.

Ошентсе да өткөн аптада Израилдин Кармел тоолорундогу токой өртү жана ага Түркиянын шашылыш өрт өчүрүү учактарын жиберүүсү менен крисиз толук чечилбесе да, бул туңгуюктан чыгуунун жылчыгы пайда болгон шекилдүү.

"Азаттыктын" архивинен: Эрдоган Давос шеринесинен кетип калды

29-январда Түрк премьери Режеп Тайып Эрдоган Давосто Израил президенти Шимон Перес менен кайым айтышкан соң, форумдан кетип калды. Аны тарапкерлери баатыр катары тосуп алса, оппозициясы жана түрк интеллектуалдары жосунсуз жорук кылды деп айыптады.

Эрдоган Давос шеринесинен кетип калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

XS
SM
MD
LG