Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

А. Давутоглу: Израил бандитче иш кылды


Түркияда Израилди айыптаган демонстрациялар эки күндөн бери уланууда.
Түркияда Израилди айыптаган демонстрациялар эки күндөн бери уланууда.

Израил аскерлеринин палестиначыл активисттерге каршы өткөргөн операциясын Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши айыптады. Билдирүүдө окуяны көз карандысыз негизде кылдат иликтеп чыгуу талабы айтылды. Дүйшөмбү күнү Газага гуманитардык жүк алып бараткан "Эркиндик флотилиясы" деп аталган кемелердин бортундагы кагылышта жоон топ киши набыт болгон эле.

Коопсуздук Кеңешинин чукул чакырылган жыйыны он эки саатка созулду. Акыры бул ишти ыкчам, калыс жана ачык териштирип чыгуу тууралуу мунаса табылды.

Палестиналыктар, арап өлкөлөрү жана Түркия Израилдин катуу айыпталышын, атүгүл жазаланышын талап кылышты.

"Ачыгын айтканда, бул бандитизмге жана каракчылыкка барабар иш, мамлекеттин колу менен киши өлтүргөн кылмыш, - деп айтты түрк тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу. – Мындайга кечирим да, актоо да жок. Муну жасаган мамлекет эл аралык коомчулуктун сый-урмат көрсөтө турган мүчөсү боло албайт, ал мындай ишенимге татыбайт".

Түрк министрине каяша кылып, Израилдин Улуттар Уюмундагы өкүлүнүн оурнбасары Даниэл Кармон аскерлер өздөрүн коргонуу максатында аракеттенди, аларга биринчи болуп жүргүнчүлөр кол салды деп ырастады.

"Эгер эл аралык нормаларга ылайык кемелердин бортуна түшкөн солдаттарга бычак жана союл колдонуп, ок атып жана кол салып кирсе, бул эмне деген тынчтык активисттери? Алардын айрымдары террордук иштерге катышса, Израилди жок кылгысы келген террорчул "Хамасты" колдошсо, алар кайдан чыккан гуманитардык активисттер?"

Израилдин актанган жана коргонгон аргументтери Кеңештин он беш мүчөсү арасында колдоо тапкан жок. Алардын баары Израилди сындашты жана ишти толук териштирип чыгууну талап кылышты. Буга баш катчы Пан Ги Мун, Франция, Кытай, Россия кошулду. Британ элчиси Марк Лайэлл Грант да жоопкерчиликти Израилге жүктөдү.

"Израил сабырдуулук кылып, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык аракет жасаганга милдеткер,- деп көрсөттү ал.- Кагылышта курман болгондор санын эске алганда окуянын чоо-жайы, эмне үчүн көп адам өлгөнү тууралуу так маалымат берүү үчүн да жоопкерчилик Израилге жүктөлөт".

АКШнын туруктуу өкүлүнүн жардамчысы Алехандро Уоллф да камтамачылык билдирип, ошол эле учурда бул окуя кандайча болгону азырынча тактала электигин белгиледи жана израил өкмөтүн ишти ийине-жибине чейин кылдат, ишенгидей кылып иликтеп чыгууга чакырды.

Дүйнөнүн көп шаарларында Израилдин аракетине нааразылык билдирген массалык демонстрациялар болуп өттү. Палестин лидери Махмуд Аббас бул ишти "кызыл кыргын" деп атады жана Батыш жээктин аймагында үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Арап мамлекеттер лигасына кирген өлкөлөр шейшемби күнү чукул жыйынга чогулушту. Израил менен тынчтык келишим түзгөн эки өлкө - Иордания менен Египет кескин апаздагы билдирүү жасашты.

Израилдин өзүндө жергиликтүү бир катар басылмалар аскерлердин аракетин "олдоксон операция" деп аташты.

"Эркиндик флотилиясындагы" 679 активист израилдиктердин Ашдод портуна жеткирилди, алардын ичинен 50 киши гана өз ыктыяры менен мекенине кеткенге макул болду, отуздайы ооруканага жаткырылды. Калган 600дөй киши полицияда сурак берип жатат.

XS
SM
MD
LG