Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Жашыруун документтер Түркияда талкуу жаратты


Wikileaks интернет сайтында жарыяланган чуулгандуу документтер Түркияда да байма-бай талкууга алынууда.

Массалык маалымат каражаттарында “дипломатиянын 11-сентябры” деп бааланган бул документтерди түрк өкмөтү көп талкуулабаганга аракет жасаганы байкалууда. Бирок коомдо Wikileaks сайтында жашыруун документтердин жарыяланышын “дүйнөлүк башкарууга умтулган өлкөлөрдүн ойлоп чыгарган оюну” катары баалагандар да жок эмес.

Wikileaks сайтында 30-ноябрга караган түнү жарыяланган 250 миң дипломатиялык документте Түркиянын өкмөтү өлкөгө тиешелүү маалыматтарды өз пайдасына шайкеш чечмелөө менен бул чуулгандуу окуядан чыгып кетүүгө аракеттенип жатканы байкалат.

Өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган бул маселеге токтолуп, “тим койгула, ар кимдин койнундагы сыры төгүлсүн” деп айтуу менен чектелди. Ал эми Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу Вашингтондо “Тышкы саясат” аттуу журналдын салтанаттуу жыйынында сөз сүйлөп, “мен дипломаттарды да абдан сыйлайм, бирок алардын жеке каттары болгон бул документтер түздөн-түз бийликтин саясий турумун чагылдырат деп да айтууга болбойт” деп билдирди.

Ахмед Давутоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун бул окуяга байланыштуу андан кечирим сураганын айтып, сөздү көптөн бери талкууланып келаткан “Түркиянын багыты алмашып жатабы” деген темага бурду.

- Бардык окуялардын жана геосаясаттардын борборунда турган Түркия өңдүү өлкөлөрдүн багыты батышка да, чыгышка да, түндүккө да, түштүккө да бурганы кадимки көрүнүш. Түркия НАТОго мүчө, ошондой эле Евробиримдикке мүчө болуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ушундан улам Түркиянын Жакынкы Чыгыш менен алака түзүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Бирок Ахмед Давутоглу Израилдин өткөн жылы Түркиянын өкмөтү курал жасоодо колдонулуучу материалдардын Түркия аркылуу Иранга өтүүсүнө көз жумду деп койгон дооматы, 2004-жылы ошо кездеги АКШнын Түркиядагы элчиси Эрик Эделмандын өкмөт башчы Эрдоганды “аша чапкан көөдөн көтөрүүчү, Кудай өзүн Түркияны башкарсын деп жаратканына чындап ишенген жана бийликке жармашып калуу үчүн колдон келгендин баарын жасаган киши” катары сүрөттөшү, Израилдин Анкарадагы бир дипломатынын аны “аша чапкан фундаменталист, бизди жек көрөт” деп айтканы тууралуу Wikileaks сайтындагы документтерде камтылган ырастоолорго да кайрылууга аргасыз болду.

Давутоглу Түркиянын саясатында эч кандай бир антиизраилдик багыт жок экенин айтып, бирок расмий Анкара жардам кемелерине байланыштуу окуя үчүн бул өлкөдөн али да болсо кечирим күткөнүн кайталады.

Ал эми Түркиянын президенти Абдулла Гүл Wikileaks сайтындагы документтер тууралуу Казакстанга ЕККУнун саммитине жөнөп кетер алдында үн катты:

- Мында купуя бир максат бардай сезилет. “Кана, көрөлү, Израил тууралуу кандай документтер чыгар экен” деген сөздөрү менен коомчулукта “бул окуя дүйнөнү башкарууга умтулган АКШ менен Израилдин атайын ойлоп чыккан кутуму болуп жүрбөсүн” деген түкшүмөл ойлорго жем таштады. Жарыяланган документтердин таасирине караганда мында бир систематика бардай сезилет. Айрым документтер кандайдыр бир электен өткөрүлгөндөй. Мында купуя бир максат бардай сезилет.

Мына ушундай эле көз карашын Independent гезитинин Жакынкы Чыгыш боюнча кабарчысы Роберт Фиск да билдирди. Бул чуулгандуу окуя тууралуу жазган макаласында журналист “бул сайтта АКШны өтө ыңгайсыз абалда калтырчу, олуттуу кесепеттерди алып келчү бир да документ жок” деп белгилейт.

XS
SM
MD
LG