Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:15

АКШнын ачуусун келтирген Ассанж ким?


Жуллиан Ассанж Лондондогу маалымат жыйынында, 26-июль, 2010.
Жуллиан Ассанж Лондондогу маалымат жыйынында, 26-июль, 2010.

Эл аралык полиция уюму - Интерпол WikiLeaks интернет сайтынын негиздөөчүсүнө издөө жарыялады. Америкалык дипломаттардын жашыруун каттарын жарыялоо менен Вашингтонду ачууланткан, ал эми дүйнөнүн башка бир топ өлкөлөрүнүн бийлик өкүлдөрүн камтамага салган Жулиан Ассанж ким?

Отуз тогуз жаштагы Жулиан Ассанж Австралиянын жараны. Өлкөнүн
түндүк-чыгыш жээгиндеги Таунсвилле шаарында төрөлгөн экен. Энесинин экинчи күйөөсү кыдырма театрдын директору болгондуктан, бала чагында үй-бүлөсү менен Австралияны кезип жашоого туура келген. Үй-бүлөнүн күлү бир жерге додо болбогондуктан, айрым маалыматтарда Ассанж бала кезинде эле 37 мектепти которгону айтылат.

Бой жеткен кезинде болсо ал Австралиянын бир нече университетинде окуп, физика, математика, философия, атүгүл неврология боюнча да билим алган, бирок бир дагы университетти аягына чейин бүтүргөн эмес. Ассанждын өмүр баянына арналган маалыматтарда анын компьютердик технологияларга болгон кызыгуусу бала кезинен эле башталып, он алты жашка келгенде Интернеттен чыкпай компьютердик хаккерге айланган.

Интерпол Жулиан Ассанжга издөө жарыялады.
Бир нече жылдан кийин анын ишмердиги Австралия полициясынын кызыгуусун жаратып, ага айып коюлган, бирок кылмышын моюнга алганы үчүн түрмө жазасына тартылган эмес.

Жулиан Ассанж бара-бара өкмөттөрдүн ички ишин көчөдөгү адамдар үчүн да ачуу керек деген идеяны бекем карманып калгандай. Тагыраак айтканда, ал өкмөттөрдүн кадимки эле жашыруун иши бийликтегилердин кызматынан кыянат пайдалануусунун бир ыкмасы болуп калышы мүмкүн, аны ачыкка чыгаруу аркылуу гана текшерүү мүмкүн деген тыянакка келгендей.

Жулиан Ассанж өз ишенимин быйыл июлда “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда мындайча түшүндүргөн эле:

- Мунун артында жаткан көз-караш чын эле байыркы. Акылга сыярлык чечимге келүү үчүн сиз ириде эмне болуп жатканынын билишиңиз абзел. Ал эми адилет чечим кабыл алыш үчүн кандай укук бузуу жана кыянат пайдалануу мерчемделип жатканын түшүнүүңүз керек. Технолог катары биз ири реформалар коомчулук жана чечим кабыл алгандар чынында эмне болуп жаткандыгын аңдаганда гана жүрөрүн билебиз.

Айтор ал бул аптада өз интернет сайты аркылуу шардана кылып жиберген акыркы материалдардын масштабын эске алганда, Ассанждын жогорудагы мүдөөсү орундалгандай. Бул ирет АКШнын дипломаттары дүйнөнүн булуң-бурчунан Мамлекеттик департаментке жөнөткөн ички жашыруун каттардын алгачкы бөлүгү Интернетке чыгарылды. Жалпысынан WikiLeaks андай каттардан 250 миңди жарыялоону убада кылган. Буга чейин Жулиан Ассанждын сайты АКШ өкмөтүнүн Ирак менен Ооганстандагы согуштарга байланыштуу ички документтерди шардана кылган эле.

WikiLeaks сайтынын башчысынын азыр кайда экендиги белгисиз. Эл аралык полиция уюму – Интерпол ага эл аралык издөө жарыялоо менен “кызыл эскертүүсүн” чыгарды.

Интерполдун издөөсү Швеция сотунун чечимине негизделген. Мурдараак Швеция Ассанжды эки аялга сексуалдык ыдык көргөзгөн деген кине менен издөө жарыялаган болчу. Ассанж ага коюлган күнөөнү куру доомат деп четке каккан жана муну өзүнө каршы өнөктүктүн бир бөлүгү катары мүнөздөгөн. “Кызыл эскертүү” бул эл аралык талап эмес. Эгер Ассанж аймагынан табылып калса, анын камоо же камабоо жөнүндө чечимди ар бир өлкө өз алдынча кабыл алат.

Жашыруун документтеринин улам жарыяланышына кыжырданган АКШ бийликтер Ассанжды Тыңчылык боюнча мыйзамдын алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартуунун жолдорун издөөдө. Бирок эксперттер бул үчүн Ассанж кайсыл бир чет мамлекеттин бийлиги менен аларга жашыруун маалыматтарды берүү үчүн байланыш түзгөнүн күбөлөндүргөн далилдер зарылдыгын белгилешүүдө. Андай далил азырынча жок. Бирок “Ассошейтед пресс” агенттигинин кабарына караганда, ага каршы өкмөттүн уурдалган мүлкү аркылуу киреше табуу деген айып коюуга негиз түзүлүшү мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG