Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Ирак өкмөтү WikiLeaks сайтын айыптады


WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү, австралиялык Жулиан Эссанж маалымат жыйынында.
WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү, австралиялык Жулиан Эссанж маалымат жыйынында.

Ирактагы согушка байланыштуу WikiLeaks интернет-сайты жарыялаган жашыруун материалдар боюнча Пентагон кайрадан териштирүү иштерин өткөрбөйт. Ирак бийликтери шардана кылынган документтерде эч кандай деле жаңылык жок экенин билдирип, ошол эле учурда сайттын бул ишин кескин сынга алды. Эл аралык укук коргоочу уюмдар Багдад өкмөтүнөн фактылардын баарын кылдат иликтеп чыгууну талап кылышты.

WikiLeaks интернет-сайтында жума күндөн ишембиге караган түнү баары болуп 400 миңге жакын жашыруун документтер жарыяланды. Аларда ирак аскерлеринин мыкаачылыктары, кармалган адамдарды кээде сурак-сопкутсуз эле атып салышканы, кызылдай кыйноого салып, тергеп-тескегени айтылат.

WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Эссанж Лондондогу маалымат жыйынында интернетте шардана кылынган документтерде 109 миң адамдын, алардын ичинде жөн-жайкын калк арасынан 66 миң киши өлгөнү тастыкталганын белгиледи. "Согуш маалында курман болгондордун эсебин алып, санап жүргөн Iraq Body Count уюму менен биргелешип иштеп, биз эч жерде айтылбаган 15 миңдей бейжазык адам өлүмүн тактадык", –деп айтты Эссанж.

Ырасмий Вашингтон WikiLeaks сайтын сынга алды. "Ар кандай жашыруун документтерди жеке адамдардын жана уюмдардын элге жарыялаганын ачык-айкын таризде айыпташыбыз керек. Мындай кадам америкалык, союздаш аскерлердин, жайкын жарандардын өмүрүнө коркунуч келтирет",- деп айтты АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон.

Мындай апазга Багдад өкмөтү да кошулду. Ошол эле учурда ирак бийликтери WikiLeaks жарыялаган документтерден эч кандай деле жаңы фактыларды таба алышпаганын айтышты. Багдад тургундарынын бири материалдарда жаңы маалымат жок экенин, болгону ирактыктар жакшы билген фактылар гана документ түрүндө ырасталганын билдирди.

Британиянын коргоо министрлиги да WikiLeaks сайты жашыруун маалыматтарды жарыялаганын айыптады, ошол эле учурда британ аскерлеринин Ирак согушу маалында кыянат иштерди жасаганы тууралуу бардык маалыматтарды иликтеп чыгуу үчүн комиссия түзүлө турганын бышыктады.

Эл аралык Human Rights Watch шардана болгон жаңы маалыматтарды териштирип, алардын канчасы чын, канчасы төгүн экенин аныктап чыгууга Вашингтон менен Багдадды бирдей өлчөмдө чакырган эле.

XS
SM
MD
LG