Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Жашыруун документтер жаңжалы


VikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Эссанж The Guardian гезитинде өткөргөн маалымат жыйынында.
VikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Эссанж The Guardian гезитинде өткөргөн маалымат жыйынында.

Жашыруун маалыматтарды жарыялаганга адистешкен Wikileaks сайты жекшемби күнү Ооганстандагы аскерий операцияларга байланышкан 90 миңдей жабык документтерди жарыялады. Алардын көбүн дүйнөлүк негизги басылмалар көчүрүп басышты.

Ак үйдүн өкүлдөрү бул ишти кескин айыптап, Ооганстандагы уруштар тууралуу жашыруун маалыматтардын шардана болгону "америкалыктардын жана өнөктөштөрдүн өмүрүн коркунучка салышы мүмкүн" деп эскертти.

Wikileaks сайты жарыялап жиберген документтердин айрым бөлүктөрүн The New York Times, The Guardian жана Der Spiegel басылмалары көчүрүп басышты. Алардын мазмунун жалпылап айтканда төмөнкүдөй тыянак түзүлөт: Ооганстандагы урушту коалиция уттуруп жатат; аскерлердин колунан миңдеген жайкын адамдар жайран болууда, бирок мындан коомчулук кабарсыз калууда; талиптердин кол салган учурлары көбөйдү; НАТОнун командачылыгы аймактагы кооп-козголоңду Пакистан менен Иран күчөтүп жатышат деп кооптонушат.

Мындан тышкары документтерде талиптердин, "ал-каидачылардын" лидерлерин издеп таап, аларды сот-сураксыз эле тындым кылуу үчүн түзүлгөн "кара бөлүктөр" деп аталган күчтөрдүн иш-аракеттери, талиптер ракеталардын жаңы түрлөрүнө ээ болгону тууралуу маалыматтар камтылган.

Айрым басылмалар ооган өкмөтүнө көрсөтүлүп жаткан жардамдар майнап бербегенин, бул өлкөгө аскер киргизүүнүн саясий жүйөөсү башынан эле натуура болгонун, сегиз жылдык операция "Талибан" оңой жоо эместигин көрсөткөнүн белгилешти. The New York Times Пакистан АКШдан миллиарддаган доллар жардам алса да бул өлкөнүн атайын кызматтары талиптерге тымызын көмөктөшүп жатканына өзгөчө басым жасады. Иран да талиптерге жана "ал-каидачыларга" кеңири масштабда колдоо көрсөтүп, жанкечти-террорчуларды даярдаганга көмөктөшүп жатканы көрсөтүлдү.

Wikileaks сайтынын жашыруун материалдарды жарыялаганын АКШ өкмөтү кескин сынга алып, муну "жоопкерчиликсиз" кадам деп атады. Шардана кылынган документтер "америкалыктардын, өнөктөштөрдүн өмүрүнө", жалпы эле өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч түзөрүн президенттин кеңешчиси Жеймс Жонс эскертти. Улуттук коопсуздук иштер боюнча кеңешчинин билдирүүсүндө белгиленгендей, ачыкка чыгарылган жабык отчеттордун баары 2009-жылга чейинки документтер, алар президент Обаманын стратегиясына эч кандай таасир эте албайт.

АКШнын соңунан Wikileaks сайтын Пакистандын Вашингтондогу элчиси Хуссейн Хаккани айыптады,буга Лондон өкмөтү кошулду.
Кабулда президент Карзайдын басма сөз катчысы Вахид Омар жабык материалдардын шардана болуп кеткени ооган өкмөтүн чок баскандай чочутканын ырастап, ошол эле учурда аларда өзгөчө деле маалыматтар жок экенин, алардын баары эбактан бери эле айтылып, талкууланып келатканын белгиледи.

"Туура эмес чечимдер кабыл алынганы чын, мунун эч кандай жашыруун жагы жок, -деп айтты ооган парламентинин депутаты Дауд Султанзоя. – Бирок ошол эле учурда жакшы иштер деле аз болгон жок. Эмне үчүн алар тууралуу сайтта эчтеме айтылбайт?"

Сайттын негиздөөчүсү Жулиан Эссанж "документтер ооган жериндеги уруштун чыныгы мүнөзүн" сүрөттөй турганын, атүгүл аларда "согуш кылмыштарынын далилдери" бар экенин белгиледи. "Ооганстандагы жана башка өлкөлөрдөгү коомчулук иш жүзүндө бу региондо эмне болуп жатканын көрө алат", - деп айтты ал Лондондогу маалымат жыйынында.

Кабулдук саясий эксперт Ахмад Саеди документтерден Исламабаддын ооган жериндеги эки ачакей оюнун ырастаган таныктарды көрдү. Ал АКШ Пакистан менен жакындаша берсе, анда Ооганстанга мунун зыяны көп болорун жана америкалыктар сазга тереңдеп бата беришерин эскертти.

Исламабаддык мурдагы генерал Талат Масуд болсо документтерди Пакистанды каралап көрсөтүү үчүн жарыялашты деген пикирде.

Документтерде Пакистандынчалгындоо кызматынын мурдагы башчысы Хамид Гулдун "Ал-Каида" жана "Талибан" менен байланышы бар экени, коалициянын аскерлерине, индиялык дипломаттарга, гуманитардык уюмдардын кызматкерлерине жана ооган өкмөтүнүн өкүлдөрүнө кол салган иштерди ушу киши уюштурганы айтылган эле.

Гул муну караманча четке какты. "Мен Америкага каршы эмесмин, мен америкалык аскерлер ооган жеринде жасап жаткан иштерге гана каршымын",-деп билдирди ал The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысына.

XS
SM
MD
LG