Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Wikileaks АКШнын жашыруун документтерин жарыялады


Жулиян Ассанж: АКШнын өкмөтүндө да жакшы адамдар бар
Жулиян Ассанж: АКШнын өкмөтүндө да жакшы адамдар бар

Wikileaks интернет сайты дүйшөмбүгө караган түнү дипломатиялык чөйрөдөгү 250 миңден ашуун каттарды жарыялап салды. Бул документтердин арасында АКШнын Кыргызстандагы “Манас” аба майданында жайгашкан Транзиттик борбору жөнүндө да жашыруун сүйлөшүүлөр камтылган.

Wikileaks сайтынын маалыматы бүгүн Батыштагы бир топ ири гезиттерде жарыяланды. Сөз дээрлик чейрек миллионго жеткен документтер жөнүндө болуп атат. Анда АКШнын ар кайсыл мамлекеттердеги дипломаттары Мамлекеттик департамент менен жүргүзгөн жеке кат-алмашуулары, өздөрү иштеген өлкөлөрдөгү лидерлер, саясий ал-акыбал тууралуу отчеттору бар.

АКШнын Мамдепартаменти муну кескин айыптап, ал каттардын ачыкка чыгып кетиши дүйнөдө америкалык дипломаттардын, чалгынчылардын жана өздөрүнүн өлкөлөрүндө демократияны, ачык коомду курууга аракеттенип, АКШ өкмөтү менен иштешкен адамдардын өмүрүн коркунучка кептеп жатат деп билдирди.

Жашыруун документтерди мынакей жарыялайбыз деп сайттын түзүүчүсү Жулиян Ассанж жекшембиде интернеттеги скайп-видео аркылуу Аммандын, Иорданиянын журналисттерине айткан эле.

“АКШнын аскерий күчтөрүндөгү жоопкердик маселеси тынчсыздантат, - деген эле Ассанж, - бирок Американын өкмөтүндө да жакшы адамдар бар. Ошол кишилер абал өзгөрүшү керек деп эсептешет жана бизге, башка журналисттерге материалдарды бергенге даяр”.

Бэтмен, параноик...

Бул документтердин арасында, маселен, айрым арап мамлекеттери (алардын ичинде Сауд Арапстанстандын падышасы да аталды) АКШны Иранга каршы ачык эле кол салууга чакырышканы айтылат.

Ирандын парламентинин спикери Али Ларижани бүгүн Сирияда бул тууралуу сүйлөп жатып: “Бул документтердин айрымдары көрсөткөндөй, америкалыктар 11-сентябрдагы теракттан кийинки терроризмге каршы күрөшкө жамынып алып, Ооганстанда оор кылмыштарды жасашканын көрсөтөт”, - деди.

Wikileaks жарыяланган маалыматтарда айрым дүйнөлүк лидерлерди америкалык дипломаттар түрдүү макамдар менен аташканы келтирилген. Маселен, Орусиянын премьер-министри Владимир Путинди “алдыга сүйрөчү эркек”, керек болсо “Бэтмен” деп аташыптыр. Ооган президенти Хамид Карзайды “акылынан айныган”, немис канцлери Ангела Меркелди “ашкере этият, чыгармачыл мүнөзү жок” деп аташкан. Буга окшогон билдирүүлөр дагы көп кездешет.

"Манастагы" база жөнүндө

Ошол материалдардын арасында АКШнын Бишкектеги аскерий базасын жабуу үчүн Кытай өкмөтү Кыргызстанга 3 миллард доллар сунуш кылгандыгы тууралуу да купую отчет берилген. Ага ылайык, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер Кытайдын элчиси Цзаңг Янниан менен жолугушканда “Бул маалымат чынбы?” деп сураганы, анан андай суроону күтпөгөн кытайлык элчи оозуна келме келбей, орусча сүйлөгөндү да унутуп койгон экен. Кытай элчиси ал такыр мүмкүн эмес экенин, Кыргызстанга Кытай 3 млр.доллар жардам бериш үчүн ар бир жаранынан 3 доллардан акча алыш керек болоорун, муну кытайлыктар билип калса, өлкөдө ыңкылап болуп кетиши да ажеп эмес экенин айтканы көрсөтүлдү.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер болсо "Викиликстин" аракетине жооп иретинде бүгүн билдириүү таратты. Анда элчи айым: “Бул документтердин бири да чындыкка дал келет деп айта албайм. Бирок айтаарым – Америка Кошмо Штаттары жашыруун сакталышы керек болгон маалымат минтип ачыкка чыгып кеткенине терең өкүнүчүн билдирет. Биз муну айыптайбыз”, - деп айтылат элчи Гфеллердин билдирүүсүндө. “Дипломаттар өздөрүнүн кесиптештери менен ачык-айкын диалог жүргүзүшөт жана алар жашыруун сакталышы керек. Ачык диалог болбосо, биз дүйнөдө тынчтыкты, коопсуздукту сактай алмак эмеспиз. Кыргызстандын Америкадагы элчилери да мени колдошот деп ишенем. Алардын да иши Вашингтондогу кесиптештери менен канчалык ачык сүйлөшүү жүргүзө алаарына жараша болот. Алар деле америкалык лидерлер, саясат тууралуу өз мекенине кат жазып турушат”, - делет билдирүүдө.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев “Азаттыкка” бул тууралуу айтып жатып, кытайлыктар менен андай сүйлөшүү эч качан болбогонун, документте айтылган 3 млрд.доллар Кыргызстан менен Кытай ортосундагы соода-сатык алакаларынын көлөмүн гана көрсөтүшү мүмкүн экенин айтты.

Дүйнөлүк дипломатияга каршы "теракт"

Жалпысынан америкалык дипломаттар менен дүйнөдөгү ар кайсыл мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр ачыкталып калганы азыр бир топ өлкөлөрдү оңтойсуз абалда калтыргандай болду. Америкадагы Республикалык партиянын атынан сенатор Питер Кинг “Викиликсти мындай жоопкерсиз аракети үчүн, миңдеген адамдардын өмүрүн коркунучка кептеп жатканы үчүн террористик уюмдардын катарына кошуу зарыл” деп билдирди.

Италиянын Тышкы иштер министри Франко Фраттини болсо: “АКШ өкмөтүнүн жашыруун маалыматтары ачыкка чыгып кетиши кайсыл бир деңгээлде дүйнөлүк дипломатия үчүн 11-сентябрдагы терактка окшогон эле окуя болду”, - деп айтты. Айрымдар “Wikileaks” тараткан маалымат чындыкка канчалык туура келээри аныкталгандан кийин гана бир сөз айткан жарашат деп тим болуп жатышат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG