Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Орусия: өкүм сүргөн кош бийлик


2012-жылы Владимир Путин менен Дмитрий Медведев бийлик талашып калабы?
2012-жылы Владимир Путин менен Дмитрий Медведев бийлик талашып калабы?

АКШнын башка өлкөлөрдөгү элчилеринин Мамлекеттин департамент менен жазышкан жашыруун каттары ачыкка чыгып, орус бийлигинин да нааразылыгын жаратты.

Америкалык дипломаттардын Мамлекеттик департамент менен жазышкан жашыруун каттарын Wikileaks сайты жарыялады. Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин ал каттардагы президент Дмитрий Медведев менен мамилесине берилген мүнөздөмөнү “этикага сыйбаган” деп баалады.

Владимир Путин АКШнын сенатына кайрылып, стратегиялык чабуул куралы тууралуу келишимди ратификациялоого чакырды. “Эгерде андай болбосо анда Орусия өзүнүн өзөктүк күчүн өстүрүүгө киришет” деди Орусиянын өкмөт башчысы.

Америкалык CNN сыналгысы Орусиянын өкмөт башчысы В.Путинди кепке тартып, “2012-жылы өтчү шайлоодо президенттик кызмат үчүн ат салышабы” деген суроо узаткан. Бул сыналгы мындан он жыл мурда да Путинди кепке тартып, журналисттин “суу асты менен жүрүүчү “Курск” кемесине эмне болду?” деген суроосуна, Путин “сууга чөгүп кетти” деп жооп берген.

Бул жолу В.Путин Wikileaks сайтына чыккан өзүнө карата шакаба кепке нааразы болгонун билдирген. Мунун алдында орус президенти Дмитрий Медведев НАТО менен Орусиянын алакасы Лиссабон саммитинен кийин оңоло баштаганын айткан:

- Эгерде он жыл ичинде нагыз келишимге жетише албасак анда куралдануунун жаңы айлампасына өтөбүз.

Владимир Путин 2012-жылы өтө турган шайлоого катышуу тууралуу чечимди Дмитрий Медведев менен кеңешип кабыл аларын айтты. Вашингтондогу Никсон атындагы борбордун адиси Пол Сандрес:

- Менин баамымда, чечим адегенде экономикалык жана саясий жагдайга жараша болот. Орусиянын кийинки жылдары тышкы саясатындагы өтө маанилүү аспап Медведев менен Путин тиреши эмес, кара майдын баасы болду. Азыр Кремль мурдагыдан алда канча экономиканы көтөрүүгө муктаж. Ал үчүн чет элдик инвесторлор, демек Америка жана Батыш өлкөрү менен алакасын чыңдоого муктаж.

В.Путиндин саясаттагы келечегине Колумбия университети профессору Падма Десаи мындайча баа берет:

- Маселе ачык эле көрүнүп турат. 2012-жылы өкмөт башчы Владимир Путин президенттик орунду талашабы? Талашса анда ал сунуштаган программа кандай болот? Ал авторитардык эмес, демократиялык жолду аркалайт деп ишенгибиз келет.

Ал эми саясатчы Ольга Крыштановскаянын баасында 29-ноябрда жылдык кайрылуусунда президент Дмитрий Медведевдин сүйлөгөн сөзү “жогорку орунду талашкан киши дымагы байкалбайт. Бул жаңы демилге көтөрүү эмес, буга дейре жасаган ишин жыйынтыктоого окшоду”.

Адистер президенттин жыл сайын парламентке жолдогон кайрылуусу быйыл өзгөчө мааниде болгонун белгилешет.

XS
SM
MD
LG