Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Апта: Бажы биримдигинин пулу менен куну


Кыргызстан Бажы биримдиги, же болбосо Евразия экономикалык бирикмесине кирүү боюнча документке 23-декабрда Москвада кол койду.
Кыргызстан Бажы биримдиги, же болбосо Евразия экономикалык бирикмесине кирүү боюнча документке 23-декабрда Москвада кол койду.

Узап бараткан жумада Кыргызстан Бажы биримдигине кошулду. Башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кете турганы маалымат каражаттарына чыгып, аны жума соңунда президент жокко чыгарды.

23-декабрда Москвада Кыргызстан Бажы биримдигине кабыл алынды.

Келишимге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус жана Армения президенттери кол койду. Эми Бишкек Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болушу үчүн уюмга мүчө өлкөлөрдүн парламенттери кол коюлган келишимди ратификациялашы керек.

Ал 9-майга чейин ишке ашуусу керектигин президент Алмазбек Атамбаев Москвада билдирди:

- Кол коюлган келишимде Кыргызстандын кошулушунун ачык жана адилеттүү шарттары аныкталганын айткым келет. Келишимдин күчүнө кирүү мөөнөтү, бирдиктүү бажы төлөмдөрү, аны колдоно баштоо мөөнөтү, Кыргызстандын үлүшү, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында бажы көзөмөлүн алып салуу убактысы аныкталды. Кыргызстан келерки жылдын 9-майына карата, Улуу жеңиштин мааракесине карай Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп каларына үмүт артам.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети. Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстан тышкы чек араларын бекемдеши керек.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети. Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстан тышкы чек араларын бекемдеши керек.

​Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстан кайсы бир деңгээлде эгемендүүлүгүн чектөөгө барат. Маселен, бажы, антимонополдук саясат, техникалык стандарттар, ветеринардык-санитардык нормалар Бажы биримдигинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Бирок Бажы биримдигин жактагандар Кыргызстан мындай чектөөлөргө баруу менен 170 млн. калкы бар базардын эшигин ачып жатканын, тарыхый өнөктөштөрү болгон Орусия жана Казакстан менен биригүүгө баратканын белгилөөдө.

Экономика министри Темир Сариев “Азаттыкка” курган маегинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү шарттарын жогору баалап, биримдиктин алкагында топтолгон бирдиктүү бажы төлөмдөрүнүн 1.9% Кыргызстанга бөлүнө турганын билдирди:

- Негизги келишимде Кыргызстандын үлүшү такталып, 1,9% ээ болдук. Келишимдин күчкө кирүү мөөнөтү 2015-жылдын 1-майы деп жазылды. Ошондой эле Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы бажы текшерүүлөрү качан алынары белгиленди. Бул маселе кийинки жылдын 8-майына чейин чечилип, чек аралар 9-майга карата ачылуусу керек. Жаңы бажы тарифи Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы чек ара ачылган күндөн баштап кабыл алынары көргөзүлдү. Мындан башка фитосанитардык, ветеринардык текшерүүлөр боюнча макулдашууга 8-майга чейин кол коюлушу керек.

Ошентип, кыргыз тарап 1.9% үлүштү чоң жетишкендик катары атоодо. Акчалай алганда бул канча болорун эч бир чиновник айта элек. Орус маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, 2013-жылы Бажы биримдигине кирген мамлекеттер топтогон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 24 млрд. доллардын тегерегинде болгон. Бул сумма Кыргызстан, Армениянын биримдикке кошулуусу менен өсүшү мүмкүн. Ошондой болгон күндө да Кыргызстан Бажы биримдигинен ала турган сумма 500 млн. доллардын тегерегинде болору жөнөкөй эле эсептен байкалып турат. 500 млн. доллар 30 млрд. сомдун тегереги болот. Демек, Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү менен бажы төлөмдөрүнөн алына турган кирешеси кыскарат. Анткени Кыргызстандын Бажы кызматы жыл сайын 35 млрд. сомдун тегерегинде каражат топтоп келатат.

Белгилей кете турган нерсе, бажы төлөмдөрү Кыргызстандын бюджетинин киреше бөлүгүн толтурган негизги эки булактын бири. Бюджеттин кирешесинин жарымы салыктан, экинчи бөлүгү бажы төлөмдөрүнөн жыйналат. Орусия, Казакстан жана Беларус бажы төлөмдөрүнөн анчалык көз каранды эмес. Анткени бул өлкөлөрдүн экспорту күчтүү жана киреше булактары арбын.

Бажы биримдигине колушулууга каршы акция. 5-май, 2014-жыл
Бажы биримдигине колушулууга каршы акция. 5-май, 2014-жыл

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык иш жүргүзүүсү үчүн бажы бекеттерин жана санитардык-ветеринардык лабораторияларды курушу керек. Бул багытта азырынча эч кандай иштер аткарыла элек. Алар Орусия жана Казакстандан тийиштүү каражат бөлүнгөндөн кийин гана курула баштамакчы. Ошондуктан Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу мүчө болушу күз айларына чейин созулат деген пикирлер бар.

Албетте кыргыз коомунда Бажы биримдигинин келечегине ишенкиребей караган жарандар, саясатчылар бар. Андай маанайларга Беларустун президенти Александр Лукашенконун Бажы биримдиги боюнча келишим такыр иштебей жатат деген билдирүүлөрү жем таштоодо.

Кадрлар алмашууда

Кыргызстандын ички саясатында бир жагынан турукташуу жүрүп жатканы менен, экинчи жагынан электр энергиясынын кымбаттоосуна каршы Нарында нааразылык акциялары башталып, ал оппозициялык саясатчылар жана айрым жергиликтүү топтор тарабынан колдоого алынууда. Нарын тургундары электр энергиясына бааны мурунку калыпта калтырууну талап кылууда. Бирок жаңы тариф саясатын кабыл алган өкмөттүн артка чегиниши кыйын. Ошондуктан бул маселеде азырынча орток пикир табыла элек.

Бийлик энергетикалык кризистин мизин Казакстандан кымбат баада электр энергиясын сатып алуу менен азырынча майтарып турат. Учурдан пайдаланып, “балта көтөрүлгөнчө дөңгөч эс алат” дегендей бийлик партиясы узап бараткан жумада өкмөттөгү өзүнүн квотасындагы министрликтерди алмаштыруунун экинчи толкунун жүргүздү.

Президенттин квотасында болгон башкы прокурор Аида Салянованын кызматынан бошотулушу боюнча кептер учурда күч алууда. Азыркы кезде Салянованын эмгек өргүүсүнө чыкканы тастыкталууда. Аида Салянованын прокурорлук иши коомчулукта карама-каршылыктуу пикирлерди жаратканы маалым. Анын жакын тууганы Калыйбек Саляновдун 18 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу суракка чакырылышы башкы прокурордун айланасында түзүлүп жаткан кырдаалга тиешеси бардай.

Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында. 27-декабрь, 2014-жыл.
Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында. 27-декабрь, 2014-жыл.

Бирок 27-декабрда президент жыл жыйынтыгы боюнча жыйын өткөргөндө баш прокурор Аида Салянова кызматын тапшыруу тууралуу арыз жазбаганы маалым болду. Президент Алмазбек Атамбаев суроолорго жооп берип жатып, баш прокурорду кыйла мактап өттү, атүгүл эмки президент Саляновадай болсо деген тилеги бар экенин ачык айтты:

- Салянова иштен кетем деп арыз жазган эмес. Бирок ачык айтып коеюн, буга чейин арыз жазган учуру болгон. Аны түшүнсө болот, жумушу абдан оор, найзанын учунда жүрөт. Эс алууга уруксат сурады, мен уруксат бердим. Прокурор ким болсо деле мен президент болуп турганда коррупцияга каршы күрөш токтобойт. Канчалаган журналисттер Салянованы каралап, жамандап жазып жатат. Аны деле билесиңер.

Калк ичиндеги нааразылыктарга байланыштуу КСДП күзүндө энергетика, ички иштер, саламаттык сактоо жана маданият министрлерин кызматтан кетирген эле. Алар менен катар эле коомчулукта эмгек, жаштар жана миграция министри Алиясбек Алымкулов, билим берүү жана илим министри Канат Садыковго да нааразылык күчтүү болчу. Кадр алмаштыруунун кышкы толкунунда экөө кызматынан бошотулуп, алардын ордуна башка адамдар дайындалды.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бул кызматтык дайындоолорду өкмөткө “жаңы кан киргизүү” максаты менен байланыштырды:

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

​- Жаңылай турган мезгил келди. Маселелер көбөйүп кетти. Бир орунда отуруп калган киши маселелерге кээде жаңы көз караш менен карай албай калат окшойт. Анын үстүнө ар кайсы тараптан ар кандай сын-пикирлер айтылып келатат. Ага да реакция жасоо керек. Ошон үчүн жаңы алып келген кадрларды карап көрүп, ошолор министрлик, тармактарга өзгөрүүлөрдү, жаңы нерселерди, министрликтерге жаңы кан киргизгенге мүмкүнчүлүктөрү жетет деген ой менен жибердик.

Оппозициялык саясатчылар өкмөттөгү кадрдык алмашуулар олуттуу өзгөрүүлөргө алып келбейт деп эсептейт.

Саясат таануучу Марат Казакпаев КСДПнын кадрлары коюлган маселелерди чече албай жатат дейт:

- КСДПда кадр боюнча маселе абдан чоң. Көбүнчө квота президенттик партия болгон КСДПда. Алар канчалаган кадрларды дайындаганы менен кызматка келип, иштей албай жатышат. Мына, Бишкек мэрлигине Кулматовдун келгенине 5-январда бир жыл болот. Бирок ал эч нерсе кылган жок. Ошон үчүн булар алмашып жатат. Объективдүү, жакшы кадр таба албай жатышат. Мүмкүн бул жакта коррупция бар. Мына Азыранкулов губернатор болуп иштеген. Азыр эми аны дагы алып келип атышат. Иши кылып жаңы кадрлар келбей жатат.

Марат Казакпаевдин пикиринде, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев мурунку өкмөт башчылардан дурус боло алган жок. Натыйжада экономикада өсүү басаңдап баратат.

Жоомарт Оторбаев өзү жергиликтүү маалымат каражаттарына жыл жыйынтыгына карата берген маегинде жыл кризистик болгонун моюндап, негизги жетишкендиги катары министрлерге аткара турган иштеринин планын түзүүнү милдеттендиргенин атаган.

Чындыгында, өлкөнүн финансы-экономикасынын туруктуулугун сактап калууга өкмөткө караганда Улуттук банк көбүрөөк далбастап жатканы байкалат.

Башкы банк сомдун курсун кармап калуу максатында тынымсыз интервенция жасап, үстөк пайыздарды көтөрүүдө. Декабрь айынын ичинде эле өлкөнүн башкы банк 100 млн. доллардын тегерегинде интервенция жасаган. Анын натыйжасында доллардын курсун 59-60 сомдун тегерегинде кармап турууга мүмкүн болууда. Бирок тынымсыз интервенция Улуттук банктын валюталык резервинин кыскаруусуна алып келет. Резервди толуктоонун булактары аз. Анткени Кыргызстандын тышкы соодасында импорт экспорттон бир нече эсе көп. Анын үстүнө орус рублинин күчүнүн кетүүсү кыргыз эмгек мигранттарынын капчыгына олуттуу сокку урду. Демек эмгек мигранттары тараптан келе турган валютанын өлчөмү да кыскарат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG