Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:59

Улуттук оппозиция бийликти криминалды колдонуп жатат деп сындады


Улуттук оппозициялык кыймыл "бийлик криминалдашып баратат" деген билдирүү таратты. Оппозициялык кыймылдын билирүүсүндө Атамбаев бийликтин саясий оппоненттерине каршы криминалдык топторду пайдалана баштаганы айтылат. Анда мисал катары, оппозициялык кыймылдын мүчөсү Бектур Асановго карата криминалдык топтор тарабынан ар кандай коркутуулар болуп, психологиялык басым жасалып жатканы белгиленген.

Улуттук оппозициялык кыймыл учурда жер-жерлерде күч алып бараткан элдин нааразычылыгын криминалдык топтордун көмөгү менен басууга аракеттенүүдө деп айыптайт. Ошондой эле мындай кысымдарды токтотууну талап кылышкан.

Бирок бийликтеги КСДП партиясынан парламент депутаты Абдыманап Кутушов​ бул дооматтарга макул эмес. Ал эгерде коркутуулар болуп жатса, укук коргоо органдарына кайрылып, мыйзам чегинде маселе чечилиши керек дейт. Ал оппозициянын билдирүүсүн саясий упай топтоо аракети катары баалады. (TSh)

XS
SM
MD
LG