Жаңы жылдык балатылар парады
Жаңы жылдык балатылар парады
Жаңы жыл майрамынын эң белгилүү символу бул жаңы жылдык балаты экендиги талашсыз. Майрам алдында жалпы республикабыздын шаарларында Жаңы жылга болгон даярдыктарды балатылар парады менен көрсөтөбүз.
1
2
Баткен шаарынын балатысы
3
Балатынын кечки көрүнүшү. Баткен шаары.
4
Бишкек шаардык мэриясы имараттар арасында сырткы жасалгалар конкурсун дагы өткөргөн. Жыйынтыгында 1-орунга ээ болгон "Вефа центр" соода борборунун кечки көрүнүшү.
5
Бишкек шаардык мэриясынын жасалгалар боюнча сынагында 2 -орунга "Бета Сторес" соода борбору татыды.
6
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун сырткы жасалгасы.
7
Мэриянын конкурсунда дагы бир номинациянын жеңүүчүсү болуп табылган Кыргызтелекомдун имаратынын көрүнүшү.
8
Коомчулукта жана социалдык тармактарда көп талаш тартыш жараткан Бишкектин борбордук аянтындагы балаты.
9
Жалал абаддын борборун дал ушундай кооздук көрктөндүруп турат.
10
Караколдогу борбордук аянтындагы Жаңы жыл майрамына карата коюлган балатыны 20 декабырда өрттөп кетишкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардагы "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Алмаз Абдыкеев билдирди. Анын айтымында, балатынын бир метри жана аны кооздоп турган жылтырактары менен оюнчуктары өрттөнүп кетти. Шаардыктар үчүн коюлган балатыга мэриянын эсебинен 170 миң сом бөлүнгөн.
11
Нарын шаары дагы кар болбосо да жаңы жылды тосууга даяр.
12
13
Түштүк борбор аталган Ош шаарынын борбордук аянтына орнотулган балатынын кечки көрүнүшү.
14
15