Париждеги биримдик маршы
Парижде акыркы теракттардын курмандыктарына арналган атайын жүрүшкө бир миллиондон ашуун адам катышты. Биринчи катарда "Шарли Эбдо" журналынын редакциясына болгон кол салуудан шейит кеткендердин жакындары, экстремисттердин чабуулунан каза тапкан жалпы 17 кишинин туугандары басышты. Бул акцияга 40ка жакын өлкөнүн жетекчилери да катышты.