"Азаттыктын" жаңылыктары, 16-январь
Арменияда милиция менен демонстранттардын кагылуушусунда 14 адам жараат алды. Тажикстандын бийлиги Сирия, Ирак жана Ооганстанда согушуп жаткан тажик жарандарын кайтаруу үчүн алардын жакындары менен иштешип жатат. Пакистанда тынчтык комитети деп аталган уюм ар кайсы конфессиялардын өкүлдөрүнөн турган аялдар бөлүмүн ачты.