Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Майлы-Суу мэри менен Ноокендин акими айыпка жыгылды


Ноокен райондук акимчлигинин имараты, 29-август, 2010-жыл.
Ноокен райондук акимчлигинин имараты, 29-август, 2010-жыл.

Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен Ноокен районунун акими Абдыракман Осмонов жана Майлы-Суу шаарынын мэри Кыянбек Сатыбалдиев административдик жоопко тартылып, ар бири 10 миң сомдон айыпка жыгылышты. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Жалал-Абад облустук прокуратурасынын текшерүүсүнүн натыйжасында, аткаминерлер коррупцияга каршы туруу боюнча укуктук-нормативдик талаптарды, президенттин жана өкмөттүн коррупцияга каршы саясат боюнча жардык, токтомдорун аткарышкан эмес.

Мунун негизинде административдик кодекстин 400-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. (МТо)

XS
SM
MD
LG