Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:15

“ИМ” тобу барымтадагы эки жапондун өмүрүн кыярын эскертти


"Ислам мамлекети" тобунун видеосунан алынган сүрөт. 20-январь, 2015-жыл.
"Ислам мамлекети" тобунун видеосунан алынган сүрөт. 20-январь, 2015-жыл.

Алардын колундагы эки жапон туткундун өмүрү кыйылуучу саат жакындаганын билгизген эскертүүнү “Ислам мамлекети” тобу интернетке койду.

Ал жерге алар буга чейин башын алган батыштык жарандардын да сүрөттөрү коюлган.

“ИМ” тобу үч күн мурда жапон премьери Шинзо Абэден эки жаранынын өмүрү үчүн 200 миллион доллар кун төлөөнү талап кылып, бул үчүн 72 саат мөөнөт берген. Бул мөөнөт жума күнү Бишкек убактысы боюнча 11:50дө аяктады.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу туткундаган эки жапондун аты жөнү: Кэндзи Гото Його жана Харуна Юкава деп айтылууда. Алардын бири -Кэндзи Гото Його журналист. Бүгүн Кэндзинин энеси, согушкерлерге эмоциалуу кайрылуу жасап, уулун бошотууну өтүндү.

Жапон өкмөтүн басма сөз өкүлү Иошихиде Суга бүгүн Токиодон кабарчыларга аларга согушкерлерден эч кандай кат келбегенин маалымдады.

“ИМ” тобунун англис тилин британ акценти менен сүйлөгөн адам кун төлөнбөсө эки жапон туткунунун өмүрүн кыярын эскерткен алгачкы видеосу интернетке 20 –январда чыккан. (UE)

XS
SM
MD
LG