Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

"Манас" аэропорту сатылбайт


Бул тууралуу вице-премьер-министр Валерий Диль кечээ 23-январда өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, аталган масале боюнча өкмөттөн атайын кеңеш түзүлүп, иш алып барууда. Учурда биргелешкен ишкана түзүүгө долбоор иштелип жатат. "Манасты" иштетүүгө жети компаниядан сунуш түшкөн. Алардын арасында Орусия, Түркия, Молдова, Кытай компаниялары бар.

2014-жылы “Манас” аба майданында жайгашкан АКШнын жүк ташуучу транзиттик борбору чыгарылган. Ал кошумча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшчү каражаттан сырткары жылына 60 миллион доллар ижара акысын төлөп турган. Бул чыгымдын ордун толуктоо үчүн өкмөт өткөн жылы “Манас” аба майданында эл аралык жүк ташуучу хаб ачуу демилгесин көтөргөн.

Буга чейин өкмөт “Манастын” акцияларынын канча пайызы сатыларын парламент чечерин билдирип келген. Жарандык коом жана айрым депутаттар стратегиялык объекттердин катарындагы бул аба майданды сатуу өлкө эгемендигине шек келтирерин айтып, каршы болуп келишкен. (TSh)

XS
SM
MD
LG