Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Инвестордун ишеними өнүгүүгө жетелейт


Таластагы төө буурчак иштетүүчү ишкананын жумушчулары.
Таластагы төө буурчак иштетүүчү ишкананын жумушчулары.

Кыргызстандын Экономика министрлиги өлкөнүн ички инвестициялык чамасы чектелүү болгондуктан сырткы каржылык булактарга муктаж экендигин эскертүүдө.

Чет өлкөлүк потенциалдуу инвесторлордун Кыргызстанга келиши үчүн жергиликтүү бийликтер жигердүү иштебей жатканы сынга алынууда. Деги эле мамлекеттин инвестициялык саясаты кандай жүрүүдө, анын натыйжасын эл качан сезет?

"Арай көз чарай" талкуусуна Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды тартуу агенттигинин директорунун орун басары Нурбек Максүтов жана "Жеңил өнөр жай" ассоциациясынын төрагасы Фархад Төлөгөнов катышты.

"Азаттык": Нурбек мырза, экономика министри Темир Сариев 4-февралда Экономика министрлигинде өткөн тегерек үстөлдө сырткы потенциалдуу инвесторлор Кыргызстанга келүүдөн чочулап турушарын айтты. Буга чейин чет элдиктердин келишине байланышкан мыйзамдарга, салыктарда бир топ жеңилдиктер берилди эле, дагы эмне тоскоолдук болууда?

please wait

No media source currently available

0:00 0:09:58 0:00
Түз линк

Нурбек Максүтов: Айтылып жаткан маселе туура. Бизде мыйзамдарга, салыкка бир топ жеңилдиктер берилген, ишкана ачып жаткан учурдагы документтердин санын аябай кыскарттык. Ошого карабай абал биз күткөндөй болбой жаткандыгы чындык.

Мындан сырткары 2010-жылдагы окуялардын да өз таасири болууда. Ошондой эле бир нече чет элдик компаниялар азыр соттошуп жатат, бул дагы өз таасирин тийгизип жаткандай. Кайсы гана ири компания болбосун акчасын саларда он жолу ойлонуп туруп анан кайсы мамлекетке барууну чечет. "Сот процесси кандай болор экен, ага өкмөттүн мамилеси кандай болот" деп кылчактап тургандар да бар. Муну менен "бизге эч ким келбей жаткан турбайбы" деген ой болбошу керек. Былтыр 480 миллион долларлык инвестициялык долбоор менен “Жунда” мунай иштетүүчү завод ишке кирди, 2013-жылы 900 миллион долларлык четтен инвестиция кирген.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:19 0:00
Түз линк

"Азаттык": Фархад мырза, сиз Кыргызстан башка өлкөлөрдүн экономикасына 15 миллиарддан ашык инвестиция жасап жатканын айттыңыз эле. Ал акча кайда, кимге кетип жатат?

Фархад Төлөгөнов: Мен Кыргызстандагы инвестициялык абал жөнүндө кесиптешимдин айтканына кошулам. Ар бир өлкөнүн экономикасы үчүн ички-сырткы инвестиция сөзсүз керек.

Менимче, Кумтөр маселеси чечилмейин андай ири инвестор Кыргызстанга келбейт. Быйыл парламенттик, андан кийин президенттик шайлоо болот, инвесторлор булар өтмөйүнчө келбейт. Тынч өтөт бекен азыр байкап турушат.

Мындан сырткары ар бир өлкөгө инвестор келатканда аларда антикризистик фонд бар бекен деп кызыгат. Өзүңөр билгендей дүйнөдө жети-сегиз жылда бир кризис болуп турат. Мисалы, Евробиримдикте, Орусияда антикризистик фонд бар. Биз да фонд түзүшүбүз керек.

Инвестор "бир нерсе болуп кетсе, мага өкмөт жардам бере алабы?" деп ойлонот. Ички мүмкүнчүлүктү пайдаланбай жатабыз, көпчүлүк министрликтер эскиче иштейт, азыр өкмөттүн структураларынын 20 пайызы гана электрондук ыкма менен иш алып барууда.

XS
SM
MD
LG