Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:46

ЕБ Орусияга карата жаңы санкциялар боюнча тизме жарыялады


Европа Биримдиги Орусияга карата санкциялар тизмесине Украинанын чыгышындагы жаңжалга көмөктөштү делген 19 адам менен тогуз компанияны киргизди. “Кара тизмеге” киргизилгендердин арасында коргоо министринин орун басарлары Аркадий Бахин жана Анатолий Антонов, Башкы штабдын жетекчи орун басары Андрей Картаполов, Мамлекттик Думанын депутаты Иосиф Кобзон жана Донецк менен Лугансктагы 15тен ашык жикчил бар. Эми бул кишилер жана компаниялардын банктагы активдери камакка алынып, Европа Биримдигинин аймагына кирүүгө тыюу салынат.

Бул тизме 10-январда бекитилген. Бирок бүгүндөн тарта күчүнө кирди. Мындай чечим Украинанын чыгышына тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылбоо аракети менен түшүндүрүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG