Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Украина чыгышында оор курал чыгарылган жок, согуш уланууда


Жикчилдердин блок-посту. 2015-жыл.
Жикчилдердин блок-посту. 2015-жыл.

Украинанын өкмөттүк аскерлери жана орусиячыл жикчилдер майдан тилкесинен оор куралды чыгарып кетүү планын аткарышкан жок.

Минскиде өткөн аптада кол коюлган келишимге ылайык, тараптар куралды бүгүн чыгара башташы керек эле. Украин армиясынын билдиришинче, өткөн түнү жикчилдер Дебальцево шаарынын айланасында 15 жолу чабуул жасашты. Киев бийликтери акыркы 24 саатта беш аскери окко учканын маалымдады. Жикчилдер өз кезегинде украин армиясы акыркы 24 саатта Донецк аймагында элдешүүнүн шартын 17 жолу бузганын билдирүүдө.

Берлин бийликтеринин маалыматына караганда, Орусия, Украина, Германиянын лидерлери элдешүү шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүмкүндүк берүү үчүн «конкреттүү» кадамдарды макулдашты.

XS
SM
MD
LG