Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Кумсалыкты үгүттөөгө каршы долбоорду парламент эмки жумада карайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Курманбек Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, мыйзам жалпы жыйында кабыл алынса, анда кумсаларды жарнамалоо максатында маалымат тараткандар административдик жоопко тартылат. Эгер административдик жазага баш ийбей баратса жарым жылдан бир жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

“Маалымат каражаттары аркылуу эркек эркек түгөй издейт деген жарнамалар көбөйүп кетти. Гей-клубдар пайда болду. Жада калса митингге чыкканга чейин барып атышат. Мыйзам кабыл алса митингге чыга албай калышат. Алар үйүндө кандай жашайт өздөрү билишсин, бирок, ММКлар аркылуу өздөрүн жарнама кылышпасын, бул кыргыздын адеп-ахлагына туура келбейт”, - деди Дыйканбаев.

Бүгүн парламенттин мыйзамдуулук, тартип жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комиети бүгүн бир топ талаш-тартыштардан соң кумсалыкты үгүттөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. Анда депутат Ширин Айтматова муну дискриминациялык деп атап, кандай учур пропаганда деп эсептелери мыйзамда так көрсөтүлбөгөнүн билдирди.

Мыйзам долбоору эмки жумада парламенттин жалпы жыйынына коюлат. Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Европарламент мыйзам долбоору адам укуктарын бузарын эскертип, аны кабыл албоого чакырып, жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылган. (МТо)

XS
SM
MD
LG