Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Евразия экономикалык биримдигинин инспекторлору Кыргызстанга келди


Евразия экономикалык биримдигинин 18 инспектору фитосанитардык абал менен таанышуу максатында Кыргызстанга келди. Адистер беш топко бөлүнүп Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерге экспорт кылынуучу сүт жана эт азыктарын өндүрүү иштери, санитардык талаптардын сакталышы менен таанышат. Ошондой эле эпизоотиялык абалды текшерип, лабораториялардын иштөө деңгээлине көз салат. Андан сырткары чек ара өткөрүү пункттарындагы материалдык-техникалык базанын абалы, ветеринардык дары-дармектин жетиштүүлүгүн карап чыгышат.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 18-февралда аталган мекемеде бул боюнча атайын жыйын уюштурулат.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине быйыл майда толук кандуу мүчө болот. Бажы биримдигиндеги өлкөлөргө Кыргызстан негизинен кийим-кече, эт жана сүт азыктарын экспорт кылмакчы. (SE)

XS
SM
MD
LG