Ишкер Райкан Алканов өзүнө кол салды деп айыпталгандардын бирин бошоткон соттун чечимине каршы экенин анын адвокаты Юрий Скатневский билдирди.
Адвокат Талас облустук сотунун айыпталуучулардын бири -17 жаштагы Д.Н. деген жаранды үй камагына чыгарган чечимин туура эмес деп баалайт.
“33 жаштагы дагы бир айыпталуучуга болсо психофизиологиялык экспертиза дайындоо боюнча да чечим кабыл алыныптыр. Мыйзамга каршы келгендиктен бул чечимди да арыздандык. Анткени кармалгандарга өзгөчө оор кылмыш кылгандыгы боюнча айып тагылган. Облустук сот чечимди Акыйкатчы институтунун басымы астында кабыл алды”, - деди Скатневский.
Мурдараак акыйкатчы Бакыт Аманбаев Таласта жашы жетелек кыз убактылуу кармоочу жайда камалып турганы “Баланын укугу жөнүндө конвенция” одоно бузуп жатканын билдирген.
Өткөн жылдын октябрында ишкер Райкан Алкановго Таластагы үйүндө кол салышып, бир нече ирет бычак сайышкан. Бул ишке шектелип 16, 17 жаштагы кыздар жана 33 жаштагы келин кармалган. (МТо)