Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Борбор азиялыктардын Кобанидеги изи


Орус тилдүү согушкерлер тууралуу тасма
Орус тилдүү согушкерлер тууралуу тасма

Социалдык тармактарда “Ислам мамлекети” тобунун катарында урушуп жүргөн орус тилдүү согушкерлер тууралуу тасма жарыяланды. Тасма Кобани шаарынын чеке белиндеги айылдардын биринде тартылгандай.

Орус тилдүү согушкерлерди баяндаган тасма Youtube сайтына 9-мартта жарыяланды. Анда орус тилинде сүйлөшкөн согушкерлерди көрүүгө болот. Сөздөрүнө караганда Борбор Азия жана Кавказдан баргандар сыяктанат.

Бул тасма жарыяланары менен социалдык тармактардагы “Ислам мамлекети” тобунун орус тилдүү жактоочулары аны бири-биринен көчүрүп тарата баштады.

Тасманын качан тартылганы белгисиз. Бирок анда Ирактын Кобани шаарынын жака белиндеги кыштактарда күрт күчтөрү менен салгылаш тартылган өңдүү. АКШ баштаган эл аралык коалициялык күчтөр 8-мартта согушкерлердин Кобанинин айланасындагы турумдарына абадан сокку урганын кабарлаган. Анын натыйжасында согушкерлер ээлеп турган беш позиция бошотулганы маалым болгон.

Кобани шаары
Кобани шаары

Негизи күрт аскерлери авиациянын жардамы менен январда Кобанидеги согушкерлерди сүрүп чыгарып, көзөмөлдү колуна алышкан. Сириянын түндүгүндө Түркия менен чек аралаш жайгашкан бул шаар үчүн күрөш алты айдан ашык жүргөн болчу.

Cогушкерлер күрттөр жашаган шаарды курчап алып, тегерегиндеги күрт айылдарына тынымсыз соккуларды уруп турган. Мындан соң калаага Түркия аркылуу күрттөрдүн пешмерга аскерлери киргизилген.

“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери шаардын түндүк жагындагы кыштактарды гана ээлеп калганы айтылган. Интернетте жарыяланган тасма аталган кыштакта тартылган болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

"Ислам мамлекетинин" согушкерлери
"Ислам мамлекетинин" согушкерлери

Негизи борбор азиялыктардын жана кавказдыктардын Кобани үчүн урушка катышып жүргөнү мурда эле айтылган. Былтыр ноябрда негизги курамын чечен улутундагылар түзгөн "Катибат ал-Акса" аттуу топ өкүлдөрү интернетке атайын тасма жайылткан эле. Анда Муса Абу-Юсуф Шишани аттуу чечен улутундагы согушкер Европадагы чечендерди “Ислам мамлекети” тобуна кошулууга чакырган. Бул адам ошо тапта Кобаниде экенин жарыялап, бул шаардын элин күрттөрдөн жана коммунисттерден коргоп жатканын жар салган.

Андан соң 21-февралда да бир тасма таратып, анда “Ислам мамлекети” тобу Кобанинин жанындагы айылдарды басып алып жатканын шардана кылган. Ал эми андан мурун согушкерлер арасында жүрөт делген казакча сүйлөгөн өспүрүмдөр тууралуу бир нече тасма жайылтылган.

Эл аралык кризистик тобунун эсебинде, ушу тапта Ирак менен Сирияда бүлгүн салып жаткан "Ислам мамлекети" жихадчыл тобунун катарында 500дөн ашуун адам борбор азиялык, Татарстан, Кавказдан барган дагы жүздөгөн согушкерлер бар.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG