Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Атамбаевдин Молдовага сапары суроо жаратты


Алмазбек Атамбаев, "Манас" аба майданында. 15-май, 2012-жыл
Алмазбек Атамбаев, "Манас" аба майданында. 15-май, 2012-жыл

Жекшемби күнү президент Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербургга сапарынын алдында Кишиневде болгону тастыкталды. Бул жашыруун сапар түрдүү ойлорду жаратты.

Молдова олигархынын менчик учагы менен кыргыз президенти Молдова борборуна барышы түрдүү түкшүмөлдөрдү жаратууда. Оппозиция президенттин сапары тууралуу ачык маалымат берүүнү талап кылды.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев 15-мартта Санкт-Петербургга жөнөп кеткени расмий түрдө кабарланган. Орусиянын экинчи борборуна сапар өтө чукул жана даярдыксыз жасалганы да маалым. Мына ошол сапарында Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербугга эле эмес, Молдовага да бейрасмий сапар менен барып келгени тастыкталып жатат.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин. Санкт-Петербург, 16-март, 2015
Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин. Санкт-Петербург, 16-март, 2015

Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаков бул маалыматтарга жооп берип жатып, “Азырынча Алмазбек Атамбаевдин Кишиневдогу бейрасмий жолугушуусуна комментарий берүү мезгили келе элек. Бирок президенттин бардык ишмердүүлүгү Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына байлангандай эле бул сапары да улуттук кызыкчылыкка багытталган. Бул акыры келип эл аралык аренада кыргыз мамлекетинин аброюн көтөрөрүнө ишенем” деп билдирген.

Молдованын маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, Алмазбек Атамбаев Кишиневго жекшемби күнү Молдова олигархы Владимир Плахотнюкка таандык "Нобил эйр" компаниясынын "Эмбраер легаси 650" учагы менен келип конгон. Молдовада Атамбаев ишкер, депутат Владимир Плахотнюк менен төрт саат бою сүйлөшкөн. Башка расмий адамдардын бири менен да жолугушкан эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков президент менчик учак менен учуп, жашыруун сүйлөшүүлөр жүргүздү деп сынга алды:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

- Мурда бизде Бирштейн деген адам кайра-кайра жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүрүп, ошонун азабынан азыркыга чейин кутула албай Кумтөр биздин мамлекеттин чекесине чыккан чыйкан болду. Азыр дагы кандайдыр бир деңгээлде ошондой окуя кайталанып жатат. Президент Атамбаев кайсы бир чет өлкөлүк компаниянын менчик учагы менен учту. Экинчиден, ошол чет элдик компаниянын учагы менен учуп барып, жашыруун түрдө чет элдик олигарх менен жашыруун сүйлөшүү жүргүздү. Бул эгемендүү мамлекеттин президентине кадыр-барк алып келе турган нерсе эмес.

Равшан Жээнбеков ал менчик учактын акысын ким төлөгөнү, Кишеновдо эмне жөнүндө сүйлөшүү болгону ачыкка чыгышы керек деген талапты кошумчалады.

Владимир Плахотнюк
Владимир Плахотнюк

Алмазбек Атамбаев Кишиневдо жашыруун сүйлөшкөн Молдова олигархы Владимир Плахотнюк тууралуу молдовалык эксперт Игорь Боцан “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Анын эмне менен алектенгенин айтуу кыйын. Бирок ал Молдова республикасында өтө таасирлүү адамдардын бири. Ал эмне жасабасын көшөгө артынан жасайт. Анткени ал жөнөкөй депутат. Ага жарандардын 90% ишенбейт. Ал Демократиялык партиянын төрагасынын орун басары. Ал бул партияны каржылай баштагандан кийин партия 15% добуш алды. Молдованын маалымат каражаттарынын жазуусу боюнча Плахотнюк коррупциялык рычагдар аркылуу Молдовада баарын көзөмөлдөп турат. Көшөгө артынан сот системасын да, банк системасын да, бийликтеги адамдарды да көзөмөлдөп турат деген имиштер Молдованы каптап жүрөт.

Игорь Боцан Алмазбек Атамбаевдин Плахотнюк менен жолугушуусундагы сүйлөшүүлөр тууралуу ачык маалымат жок болгондуктан, Молдовада да ар кандай божомолдор жүрүп жатканын кошумчалады. Алардын бирине ылайык, Плахотнюк Атамбаев аркылуу орус президенти Владимир Путинге кандайдыр бир кат жөнөттү. Экинчиси - банк тармагында кызматташуу боюнча сөз болду.

Кыргызстандын атайын кызматтарынын генералы Артур Медетбеков президент Алмазбек Атамбаевдин менчик учакта учушунун өзү калпыс көрүнүш деп атады:

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

- Коопсуздук жагынан алганда бул абдан чоң ката жана туура эмес. Президент эч качан ишкердин, ал гана эмес башка президенттердин учагына түшпөшү керек. Өзүнүн коопсуздугун сакташы зарыл. Экинчиден, ким менен сүйлөшүү өзүнүн иши, бирок улуттук кызыкчылык, экономикалык жагынан алганда бул чоң бүдөмүк ойлорду жаратып турат.

Артур Медетбеков мурунку президенттер тушунда Бирштейн, Левитин, Березовский сыяктуу адамдардын жең ичинен көмүскө сүйлөшүүлөрү Кыргызстанга абдан чоң зыян алып келгенин эске салды. Ал ошондой эле Молдова олигархы Плахотнюктун Кыргызстанда кен, паспорт сыяктуу документтерди чыгарууда кызыкчылыгы болушу мүмкүндүгүн белгиледи.

Молдова республикасында саясий күчтөрдүн арасында кайсы багытта өнүгүү боюнча айыгышкан күрөш жүрүп келатат. Алардын бир тарабы Европага, Румынияга ыктаса, экинчи тарабы Орусия башында турган Бажы биримдигине тартып турат. Жакында эле болгон парламенттик шайлоодон кийин европачыл партиялар коалициялык көпчүлүктү түзүп, өкмөттү кураган. Бирок орусиячыл партиялар да жөн жаткан жери жок. Ошондуктан Алмазбек Атамбаевдин Молдовага жашыруун сапарын Евразия аймагындагы интеграциялык жараяндардын тартып, жеке ишкерликке чейин байланыштырууга болот.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG