Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Тарыхтан сабак алынбаса, ыңкылаптар токтобойт


24-март: Окуя тасмада
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:27 0:00

24-март, 2005-жыл

Мындан он жыл мурда Акаевдин режимин бийликтен кулаткан элдик ыңкылаптын себептери жана натыйжалары “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында талкууланды.

Илимий конференцияга премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган бийлик башчылары, элдик ыңкылаптын катышуучулары жана тарыхчы-окумуштуулар катышты. Өкмөт башчысы 24-март да, 7-апрель да азыркы бийлик үчүн чоң сабак экенин белгилеп, аталган окуялар кайрадан терең изилдөөгө, илимий калыс баага муктаж экенин айтты.

- Ушул эки тарыхий окуябызды фактыларга, материалдарга таянып, фундаменталдуу изилдеп, терең анализдешибиз керек. Окумуштуулар илимий тактоолордун негизинде бир жыйынтыкка келиши шарт. Мектептердеги, жогорку окуу жайлардагы программаларды кайрадан карап чыгып, туура чагылдырышыбыз кажет.

Илимий-практикалык конференцияда сөз алган тарыхчылардын айрымдары кыргыз эли башынан өткөргөн эки революцияга тең бир жактуу баа берүү эрте экенин айтышууда.

24-мартта да, 7-апрелде да бийликке каршы көтөрүлгөн элдин башында тургандардын бири, коомдук-саясый ишмер Топчубек Тургуналиев революциялар максатына жете элек деген ойдо. Анын айтымында, эгер бийлик коррупционер аткаминерлерден арылбаса, үчүнчү революция болбойт деп эч ким кепил боло албайт.

- Кыргызстанда келерки революциянын бир топ себептери бышып калды. Бир эле мисал. Жогорку Кеңеште 15ке жакын депутатка кылмыш иши козголду, бирок кол тийбестигине таянып, жоопко тартылышкан жок. Бийликтегилер эч нерсе кыла албай жатышат. Ал эле эмес, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге деле кылмыш иши козголгон. Бирок ал, тескерисинче улам кызматтан кызматка жогорулап барат. Буга көңүл бурган киши жок. Сарпашевди эл Токтогулдан бекер кууган жок да.

Тургуналиев: Бийлик тазаланбаса үчүнчү революция болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00

​Кандай болгон күндө да “жоогазын ыңкылабы” кыргыз элинин тарыхында орчун окуя бойдон кала берет. Мындай пикирин тарыхчы-окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегин ортого салды.

- 24-марттагы революция авторитардык бийликти кулаткан биринчи улуу бурулуш болгон. Тилекке каршы, анын жемиши 2010-жылдын 7-апрелинде өзү кайра бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев жана анын жөкөрлөрү тарабынан уурдалган. Бирок бул март ыңкылабынын маанисин басаңдата албайт. Менимче, 24-март үчүн кыргыз эли азыр да, болочокто да сыймыктанат.

24-март жана 7-апрель элдик ыңкылаптарына арналган илимий конференция соңунда атайын резолюция кабыл алынды. Анда ыңкылаптарды терең изилдеп, топтолгон маалыматтарды элге жеткирип, революция баатырлары тууралуу тасма тартуу жагы бийлик өкүлдөрүнө сунушталды.

2005-жылдын 24-мартында Курманбек Бакиев баштаган калың эл Акаев бийлигин кулатып, Ак үйдү ээлеп алган. Арадан беш жыл өтпөй 7-апрель күнү жүзгө жакын азаматтын каны менен кайра Бакиевдин бийлиги кулатылган.

XS
SM
MD
LG