Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Атамбаевдин талкуу жараткан "ортомчулугу"


Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев жана Австрия мамлекет башчысы Хайнц Фишер. 23-март, Вена.
Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев жана Австрия мамлекет башчысы Хайнц Фишер. 23-март, Вена.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Европа сапарынын алкагында берген алгачкы маалымат жыйынында Украина жаңжалы, Орусия-Батыш мамилесине да токтолду.

Анда айтылган билдирүүлөргө назар салгандардын айрымдары кыргыз президенти Орусияга ортомчу болуп жатат деп сындаса, башкалары стратегиялык өнөктөш катары миссиясын аткарууда деп баалашууда. Социалдык тармактарда өлкө башчынын айткандарын дипломатиялык эрежелерге сыйбайт дегендер да жок эмес.

Украина чатагына байланыштуу салкындап кеткен Европа-Орусия мамилесинин чыңдалышына кызыкдар экенин Алмазбек Атамбаев Европа сапарынын алкагында Австрия президенти Хайнц Фишер менен бирге 23-мартта Венада уюштурган маалымат жыйынында билдирген:

- Мен чоң ишеним менен айта алам, Орусия жана президент Владимир Путин Европа менен Орусиянын мамилеси бекемделешине кызыкдар. Орусия Украина аймагында тынчтык орношун каалайт. Бул үчүн Минск келишимин эки тарап тең аткарышы керек. Беш жыл мурда этникалык кагылышты башынан өткөргөн мамлекеттин өкүлү катары айткым келет, улут аралык жаңжалды, түшүнбөстүктөрдү тараптар өздөрү чечиши керек. Ага ортомчунун кажети жок. Тараптардын лидерлери бир пикир табышы зарыл. Бул аябай маанилүү.

Президенттин мындай пикирин айрым жергиликтүү активисттер Орусияга жагынуу катары сыпатташууда. Ал гана эмес Атамбаев Путиндин "басма сөз катчысынын" милдетин аткарууда деген да какшык тараган.

Мамлекет башчынын билдирүүлөрүн сындагандардын бири Эдил Байсалов:

- Менин оюмча, Орусия кыргыз президенти Европага барып, Москвага болушканына муктаж эмес. Путин да муктаж эмес...

Эдил Байсалов твиттерге жазган билдирүү.
Эдил Байсалов твиттерге жазган билдирүү.

“Атамбаев үчүн “Путиндин досу” деген роль Кыргызстандын президентинин ролунан да бийик экен” деп Твиттерге жазган активист мамлекет башчынын айткандары дипломатиялык эрежелерге дал келбестигин да белгилейт:

- Мамлекет башчынын Европада жүрүп мындай пикир билдиргени Кыргызстанга аброй алып келбейт. Атамбаев “биз европалык баалуулуктарга ээбиз, бул жагынан силерге окшошпуз, демократиялык жолдон кайтпайбыз” деп кайра-кайра айтат да, анан минтип сүйлөп жатат. Муну менен өзү да Европага жаман көрүнүүдө, Кыргызстандын эли да.

Кыргыз президентинин Европа сапарындагы бул билдирүүсүн Батыш менен Москванын мамилесин чыңдоого салым катары баалагандар да бар. Жарандык активист Токтайым Үмөталиева Атамбаевди сындоого негиз жок дейт:

- Атамбаев “Путиндин басма сөз катчысы” деген атка консо да Европа менен Москванын ортосунда туруп, Украинада тынчтык орнотууга салымын кошо алса, анда мен мамлекет башчыбызга таазим кылмакмын. Анын Австрияда сүйлөгөн сөздөрүнөн улам сынга алуу туура эмес. Анын пикирлери Европаны ынандыра алса, бул чоң жетишкендик.

Жыпар Жекшеев
Жыпар Жекшеев

Орусия Кыргызстандын башкы өнөктөшү экендигин эске алганда, президент Атамбаевдин пикирин билүүгө Европа журналисттеринин ынтызарлыгын белгилеген коомдук ишмер Жыпар Жекшеев мамлекет башчынын жоопторунан өөн издебей эле коюу жөндүү болорун айтат:

- Атамбаев Кыргызстандын саясий-экономикалык өнөктөшү Орусия экендигин жашырган жери жок. Чындыгында да ушундай. Коопсуздук жагынан да Орусия жардам бере баштады. Ошондуктан президенттин билдирүүлөрүнөн сенсация кылуунун кажети жок. Баары табигый.

Кыргызстандын Орусияга өзгөчө ыктоо маанайы Алмазбек Атамбаевдин Европа сапарынын алдында Владимир Путин менен дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган Санкт-Петербург жолугушуусунан кийин жергиликтүү жана батыш маалымат каражаттарында көбүрөөк талкууга түштү. Атамбаев анда дагы бир жолу Путин куландан соо экендигин журналисттерге билдирип, Орусия президенти катуу сыркоо экен деген имиштин илебин кайтарганга салым кошкон.

Алмазбек Атамбаев Европа сапарынын алкагында Батыш менен Орусиянын мамилесинен сырткары Кыргызстан соңку беш жылда өнүккөнүн да белгилеп, бул да сын пикирлерди жаратты. Ушул тапта өлкө башчынын “Кыргыздардын менталитети европалыктардыкындай” деп айтканы какшык аралаш талкууланып атат.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин беш өлкөнү камтыган Европа сапары 22-мартта башталган жана 1-апрелде соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG