Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:57

Донецкте автобус жарылуусунан төрт адам мерт кетти


Өткөн түнү Украинанын чыгышындагы Донецк облусунда автобус жарылып, төрт адам мерт кетти. 20га жакын адам жараат алды. Автобус Артемовсктон Горловка шаарчасына бара жаткан. Айдоочу жолдо коюлган тосмону айланып өтүүгө аракет кылганда жерде катылган минаны тебелеп алган. Жарылуудан каза тапкандардын баары аялдар экени маалымдалды.

Бул учурда президент Петро Порошенко Киевдин эл аралык аэропортунда АКШдан келген жардамды кабыл алуу аземине катышты. АКШ бул ирет он аскердик унаа жиберди.

Жалпысынан Кошмо Штаттар 75 миллион долларга аскердик унаа, радио аппараттарды жана минометтук радарларды жөнөтүүнү мерчемдөөдө.

XS
SM
MD
LG