Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:58

Сокулуктагы эшек союлган айылда митинг болот


Эшек чуусу чыккан Манас айылынын тургундары буга жол берип, көз жумганы үчүн айыл өкмөт башчысын кызматтан алуу талабын коюшууда. Ушундан улам алар бүгүн нааразылык митингине чогулушарын айыл тургундарынын бири Мукан Сыдыков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, митингге “Ак жол” айылына караштуу төрт айылдын тургундары катышат, ошондой эле райондук бийликтен өкүлдөр да чакырылган.

24-февралда Сокулуктун Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде 601 эшектин союлуп, сатыкка даярдалып жатканы, буга чейинки эт баш калаадагы кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн экени айтылган. Бирок бул иш менен алектенген ишкана эттин бир да килограммы Кыргызстанда сатылган эмес деп ишендирүүдө. Алардын айтымында, эшек эттери келишимдин негизинде Гонконгго жөнөтүүгө даярдалып жаткан. Бул боюнча териштирүү иштери аягына чыга элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG