Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Мигранттар майды үмүт менен күтүүдө


77 миң кыргызстандык “кара тизмеге” илинип, Орусияга кирүүгө тыюу салынган. 192 миң чет элдик Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузуп жүрүшөт.

Бул тууралуу Федералык миграциялык кызмат маалымдады.

Бир жагынан мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар “кара тизмеге” кабыларын ойлоп тынчсызданса, мигранттардын калың катмары Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга кошула турган күндү – 9-майды күтүп жүрүшөт.

Гүлзат Зулпидинова патент алуу көйгөйүнөн качып, Украинага чыгып, жаңы миграциялык карта менен Орусияга кирген. Расмий каттоосу аяктап бараткан Гүлзат 9-майга жетпей, “кара тизмеге” түшүп каламбы деп кабатыр.

- Мен деле бир гана каттоо менен жүрөм. Патентти узарта элекмин. Эскини узартуу үчүн 12 миң рубль керек экен. Азыр бардык адамдарда ушул көйгөй. Ортодо карапайым адамдарга кыйын болду. Же өкмөт жардам бербейт, же орустардан жеңилдик жок. Ушуга чейин документсиз жүргөндөрдү “кара тизмеге” алып жатат. Мени азыр көчөдөн кармап алса, эмне болорун билбейм. Каттоомдун деле мөөнөтү бүтөйүн деп калды.

Улукбек Ботабеков “кара тизмеде”. Ал 9-майды үмүт менен күтүп жүрөт.

- Кайсы квартирага же жумушка барба бардык жердештердин көйгөйү ошол "кара тизме". Полициядан качып жүрөбүз. Мен өзүм да ошол тизмедемин. Өлкөдөн чыксам кайра 5-10 жылга киргизбей коет, мен болсо иштешим керек. Чыдайлы деп жүрөбүз. Майда Бажы биримдигиби же экономикалык союзбу, ошого киргенден кийин жеңилдик болот деп жатышпайбы…

Москвадагы кыргызстандыктар
Москвадагы кыргызстандыктар

Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева “кара тизмедеги” кыргызстандыктардын маселесин чечүүгө бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтат.

- Элчилик “кара тизмеге” киргендер боюнча Орусиянын федералдык миграциялык кызматы жана тиешелүү органдар менен үзгүлтүксүз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок бүгүнкү күндө жыйынтык чыга элек.

Кулукеева Орусияда мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн мигранттар арасында түшүндүрүү иштери толук жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстандык мигранттардын массалык түрдө Орусиядан чыгарылышынан чочулаган “Замандаш” ассоциациясы жакында эле өкмөткө кайрылуу жасаган. Ассоциациянын өкүлү Азамат Айтбаев өкмөт Орусиядагы жарандарга миграциялык мунапыс алуу шарттарын карашы зарыл дейт.

- Евразиялык экономикалык союзга киргенден кийин тең укуктуулук болот, эмгек мигранты деген термин жок болот деп айтылып жатат. Бирок биздин “кара тизмеге” түшүп калган эмгек мигранттарыбыздын тагдыры кандай болот деген суроо дагы деле талкууланууда. Толук маалымат жоктугунан азыр көптөгөн суроолор туулуп жатат. Бул боюнча бизге көп жарандар кайрылышууда. Буга байланыштуу биз өкмөткө кайрылуу жасаганбыз. Башкы маселе – Орусиядагы кыргызстандыктарга миграциялык мунапыс алуу.

Москва полициясы
Москва полициясы

Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга киргенден кийин эмгек мигранттарынын Орусиядагы иштөө шарттары кандай болору так аныкталышы керектигин айтат Азамат Айтбаев.

Юрист Мирбек Токтошев "Евразиялык союз – саясий биримдик, ал мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен куткарбайт" деп мекендештерге эскертет. Баары бир мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет.

- Союзга киребиз деп миграциялык документтерди жасабай же узартпай коюш – бул чоң катачылык. Эгерде азыр Орусияда мыйзам чегинде жүрүүгө мүмкүнчүлүк жок болсо, мекенге кайта турганы оң.

Жыл башынан бери Орусиянын миграция мыйзамдарын бузган бир миллиондон ашуун чет элдик жаранга 3-10 жылга чейин Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG