Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Патент алуу мигрант түйшүгүн арбытты


Орусиядагы кыргыз мигранттары. 4-февраль, 2014-жыл.
Орусиядагы кыргыз мигранттары. 4-февраль, 2014-жыл.

Орусия Федерациясына барган мигранттар 2015-жылдын 1-январынан тарта патент алып, ишке орношот.

Бул тууралуу КМШга мүчө мамлекеттердин элчилеринин жолугушуусунда айтылган. Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары патент менен иштөө кымбат жана түйшүктүү экенин айтып жатышат.

Москвада эмгектенип жүргөн Анара Сыдыкованын айтымында, аталган аймакта иштеп жаткан эмгек мигранттары учурда жыл жаңырышын күтпөй эле патент ала баштады. Бирок аны алуу машакаты көп экенин айтууда:

- Буга чейин иштегенге уруксат кагазын эле алчубуз. Эми аны жок кылып патент менен жүрөбүз. Ар айда эки миңге чейин салык төлөп турабыз. Бизге мындан көрө эмгекке уруксат кагазын алуу оңой болчу. Бир алып койсок, бир жылга жетчү. Мен кечээ өзүмө биринчи жолу патент алып келдим. Эл аябай көп экен. Бир нече саат кезек күткөнгө туура келди. Патент кымбат дагы экен. Салыкты төрт миңге чейин көтөрөбүз деп айтып жатышат. Аны ай сайын банкка барып, төлөп туруу керек.

Орусиядагы мигранттар.
Орусиядагы мигранттар.

Мигранттар буга чейин эмгекке уруксат алуу кагазын ортомчулардын колунан 20-30 миңдин тегерегинде аларын айтып келишкен. Ал эми патентке болгон төлөм ага болгон убаракерчиликтер менен андан да кымбат болуп кетерин айтышууда.

Орусияда иштеп жүргөн дагы бир кыргызстандык Нарсулуу Гургубаеванын баамында, мигранттар дээрлик патентке өтүүнүн пайдага караганда зыяны көп деген көз карашка ыктап турушат:

- 1-январдан баштап мигранттар патент менен иштей баштаса, анын баасы эмгекке уруксат берүү кагазынан кымбат болору айтылууда. Ошондуктан элдин көбү кыжалат болуп, бул жерде иштегендин пайдасы деле болбой калды деген маанайда жүрүшөт.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, патенттин баасы ар аймакта ар башка суммада. Маселен, Москва шаарында жана Москва облусунда 4 миң рублдин тегерегинде болору болжолдонууда.

Патентти бир ай аралыгында алуу керек

“Замандаш” ассоциациясынын координатору Азамат Айтпаевдин пикиринде, Орусия акыркы жылдары мигранттар боюнча саясатын жөнгө салуу аракетин көрүүдө. Буга чейин деле жеке адамдарга жалданып иштеген мигранттарга патент системасы колдонулуп келген. Ошол эле учурда эмгекке уруксат берүү кагазы да берилип турган. Орус миграция кызматы мындай эреже өзүн өзү актабагандан улам жалпы мигранттар үчүн патент системасын киргизди. Айтпаевдин баамында, бул аракет ириде ортомчуларды жоюу үчүн киргизилип жаткан жаңы система:

Орусиядагы мигранттар.
Орусиядагы мигранттар.

- Бул жерде жумушчу төлөмүн өзү барып төлөшү керек. Мурда ортомчулар эмгекке уруксат берүү кагазын кымбаттатып ийчү эмес беле. Ал эми ай сайын кезек күтүп, салык төлөө чындыгында эле көп тоскоолдуктарды жаратат. Азыр орус өкмөтү бул боюнча ыңгайлуу жолдорду издеп жатканын билдирип келет. Учурда илим менен техника өнүккөн кези эмеспи, төлөө жолдору да жеңилдеп калаар.

Азамат Айтпаев “Орусия патент системасына толук өтүү аркылуу мигранттарды легалдаштыруу аракетин көрүүдө, бирок ал кандай натыйжа берерин азырынча айтуу эрте”,- дейт. Анткен менен патенттин баасы ортомчусуз болгондон кийин арзан болот деген ишенимде:

- Алгачкы баасы бир миң эки жүз рублдин тегерегинде чыгып жатат. Азыркы мыйзамдын негизинде квотаны жергиликтүү бийлик бөлүштүрөт экен. Тактап айтканда, жергиликтүү бийлик өздөрүнөн ашкан жумуш орундарына патент берет. Төрт миң бул Москва аймагы боюнча чыга турган баа.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги патент системасын киргизүү менен кошо эмгек мигранты чек ара кагазын толтурууда “Орусияга келүү максатын” “иштөө” деп жазып, көрсөтүүгө тийиштигин жана 30 күндүк мөөнөт ичинде Миграция кызматына патент берүү арызы менен кайрылууга милдеттүү экенин эскертүүдө. Эгерде миграциялык картасында “Орусияга келүү максаты” башкача жазылып турса, анда ал мигрантка патент берилбейт.

“Патент жумушка орношууга кепилдик бербейт”

Муну менен бирге мигранттар арасында патент алгандардын баары эле жумушка орношуп алуусу мүмкүн эместиги айтылууда. Орусиядагы мигранттарды коргоо борборунун жетекчиси Чолпон Осмонованын айтымында, патент алган ар бир эле жаран жумушка орношо албайт, ал болгону ошол өлкөдө жүрүү укугун гана камсыз кылат. Ошол эле учурда, Осмонованын пикиринде, сөз болуп жаткан патент системасы алдыда кара тизмеге кирүүчүлөрдүн чоң толкунун жаратышы ыктымал:

Чолпон Осмонова.
Чолпон Осмонова.

- Ал Москвада калганга ай сайын акчасын төлөп турат. Эгер бир же эки күн өтүп кетсе патентиң жоюлуп кетет. Аны кайра алуу толгон-токой түйшүк жаратат. Чындыгында бул система баштагыга караганда татаал.

Чолпон Осмонованын божомолунда, патентке өткөндөн кийин эмгек мигранттарын болбогон шылтоо таап, өлкөдөн чыгарып ийүүгө болот. Буга чейин милиция кызматкерлери жумуш кылууга уруксат кагазы бар эмгек мигранттарын бир жылдык келишими болгону үчүн депортация кылууга батынбаганын айтууда.

1-январдан тарта Орусияга мигранттар медициналык камсыздандыруусуз киргизилбеси да айтылган. Ага улай кыргызстандык жарандар Орусияга ички паспорт менен кирүү укугунан да ажырады. Тактап айтканда, жаңы жылдан тарта кыргызстандыктар Орусияга жалпы жарандык паспорт менен гана кире алышат. Бул эреже жашы 16га толо элек балдарга да тиешелүү.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG