Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Пермь: мигрант үйү өрттөнүп, үч өмүр кыйылды


Пермь шаарындагы Кыргызстандан барган жарандардын үйүнө өрт койгон деп эки адам айыпталууда (Иллюстративдик сүрөт)
Пермь шаарындагы Кыргызстандан барган жарандардын үйүнө өрт койгон деп эки адам айыпталууда (Иллюстративдик сүрөт)

Орусиянын Пермь шаарында Кыргызстандан барган мигранттардын үйүнө өрт койду деген шек менен эки адам камакка алынды.

Орусиянын маалымат каражаттары буга чейин кыргызстандык мигранттар жашаган турак-жайда өрт чыгып, үй-бүлөнүн үч баласы күйүп кеткени тууралуу жазып чыгышкан.

Пермь шаарынын тергөө комитетинин мүчөсү Игорь Даниловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда үйдү өрттөө, экиден ашык адамды өлтүрүү фактысы боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин 105-беренеси боюнча иш козголуп, анын негизинде жергиликтүү эки адам шектүү катары камакка алынган:

- Азырынча кылмышка шектүү эки жаран кармалды, бирок алар тууралуу толук маалымат бере албайбыз. Анткени кылмышта жашы жете элек балдар жабыр тартып жаткандыктан, биздин мыйзам боюнча сот иштерине чейин комментарий бербей турса болот.

Пермь шаарындагы кыргыз диаспорасынын маалыматына караганда, кырсыкка кабылган үй-бүлө Ош облусунун Кара-Суу районунан болушат. Белгилүү болгон болжолдуу маалыматтарга караганда алар Орусияга он жыл мурда иштегени кетишип, кийин аталган өлкөнүн жарандыгын алышкан.

Жабыр тарткан үй-бүлөнүн жана мерт болгон балдардын аты-жөнү баш тамгалар менен гана көрсөтүлүүдө. Орусиядагы Кыргыз элчилигинин маалыматына караганда, 1979 - жылы туулган күйөөсү менен 1987-жылы туулган аял төрт баласы менен сегиз батирлүү жыгач үйдө жашаган.

Каргашалуу түнү алардын үйүнө белгисиз бирөөлөр эшигинен түтүк аркылуу май чачып, өрт коюшкан. Тергөөчүлөрдүн божомолу боюнча терезелер темир тор менен тосулгандыктан үй-бүлө тузакта калып, ата-эне бир жаштагы кичүү баласы менен гана качып чыгууга үлгүргөн. Үйдүн ичинде калган балдардын улуусу тогуз, ортончусу жети, кичүүсү үч жашта болгон. Алардын сөөгү Пермь шаарына коюлду.

Пермдеги кыргыз диаспорасынын жетекчиси Асылбек Алымкулов окуяга кошуналардын чатакташып жүргөндүгү түрткү болушу мүмкүн деп болжоду:

- Азыр себеби боюнча бир версия бизге маалым. Булар кошуналар менен чырдашып жүргөн, жыйынтыгында алар өч алган болушу мүмкүн.

Орусиянын маалымат каражаттарынын жазгандарына караганда, шектелген жергиликтүү эки киши кыргызстандык мигранттардын коңшусу болгон. Алар тиричиликке байланыштуу бир нече жолу чатакташкан соң өч алуу максатында ушундай кастыкка барышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Буга чейин үй-бүлөнү коркутуп - үркүтүп, бир нече ай мурун үйүнүн терезелерин сындырып кетишкени да маалым болгон. Шектүү деп кармалган эки жаран тең маңзат колдонору айтылууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги болсо бул окуя боюнча маалыматтарды топтоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Ал эми диаспора жетекчиси Асылбек Алымкулов буларды айтты:

- Келиндин биринчи күйөөсү кыргыз болгон. Аны менен мындан бир нече жыл мурун ажырашыптыр. Каза тапкан жети жана тогуз жаштагы балдар биринчи никеден экен. Кийин өзбек жигитке турмушка чыгыптыр.

Кайгылуу окуяга кабылган үй-бүлөнүн аты-жөнү расмий түрдө толук маалымдалбагандыктан, алардын Кара-Суудагы туугандары менен азырынча байланышуу мүмкүн боло элек.

Айта кетчү нерсе, кылмыш болордон бир-эки күн мурун үй-бүлөгө Орусия өкмөтү үч бөлмөлүү үй бөлүп бериптир, эгер каргаша тоорубаганда алар жаңы батирге көчүп кетмек экен.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG