Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Москва: Өрттөн эки кыргызстандык ажал тапты


Орусиядагы кыргыз элчиси Улугбек Чыналиев жана кыргыз диаспораларынын башчылары кырсык болгон жерде. Москва, 12-январь, 2012-жыл
Орусиядагы кыргыз элчиси Улугбек Чыналиев жана кыргыз диаспораларынын башчылары кырсык болгон жерде. Москва, 12-январь, 2012-жыл

9-январда Москвадагы италиялык ресторанда чыккан өрттөн Анваржон Сатволдиев менен Толгонай Сатыбалдиева көз жумду. Дагы 6 кыргыз ооруканада.

Анваржон Сатволдиевдин денеси 100 пайыз күйүп, оорукананын реанимация бөлүмүндө көз жумганын Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады.

9-январда 24 жаштагы Толгонай Сатыбалдиева набыт болгон. Эки жаран бир туугандар эмес.

Москванын Склифосовский тез жардам институтунун күйүк бөлүмүнө эки адам түшкөн. Алар: 28 жаштагы Бактыгүл Кушеева жана 32 жаштагы Марат Андабаев. Экөөнүн тең абалы түзүк, өтө оор эмес. Бактыгүлдүн денесинин 2-3 пайызы, бети бир аз күйгөн.

Ал эми жүк ташуучу Марат Андабаевдин бети, колдору көбүрөөк күйгөн экен.

Склифосовский тез жардам институтунун күйүк борборунун жетекчиси Сергей Смирнов жабыркагандар тез айыгып кетет деген ишенимде.

Кырсыктан жабыр тарткандардан кабар алууну Орусиядагы кыргыз элчилиги уюштурууда. Элчиликтин юристи Алмаз Абдисияев орус жана кыргыз өкмөттөрү тарабынан ар тараптуу жардамдар болоорун түшүндүрдү:



Бирок азырынча канча акча ким тарабынан төлөнөөрү белгисиз.
Бул эки адамдан тышкары Москванын 36-ооруканасында дагы үч кыргызстандык оор абалда реанимацияда жатышат, алардан кабар алуу азырынча мүмкүн эмес.

Биз Склифосовский ооруканасынан чыгып бара жатканда дагы бир кыргызстандык кыз ооруканага жеткирилди. Ал 28 жаштагы Феруза Сатыбалдиева экен. Феруза - каза тапкан Толгонайдын бир тууган эжеси.

Ошол эле күнү, 11-январда, Москвадагы кыргызстандыктар өрттөнгөн ресторандын алдына гүл коюшуп, Толгонай Сатыбалдиеванын жакындарына көңүл айтышты. Алар ресторандын жанында юридикалык суроолорду талкуулап турушту:



Эсен Алиев өрттөнүп кеткен италиялык ресторандын алдында өксүп ыйлап турду. Бул жигит набыт болгон Толгонайдын жолдошу. Алар бир жыл мурда үйлөнүп, Москвага 2011-жылдын май айында келишкен.

9-январда Эсен үйдө отурган, 10-январда жумуш башталмак. Ага өрт тууралуу чалышканда ошол замат ресторанга жетип келген.

Бактыгүл Кушеева
Бактыгүл Кушеева
Өрт өчүргүчтөр ресторандын ичинде денелер табылган жок дегенден кийин бир аял "биз Толгонайды көрдүк, ал тирүү" деген. Эсен жубайын бир күн кечке Москванын бардык ооруканаларынан издеген.

Толгонай күнүнө 12 сааттан көбүрөөк иштеп, италиялык тамактарды даярдачу.

Толгонай Сатыбалдиеванын сөөгү ушул эле түнү кичи мекени – Жалал-Абад шаары, Спутник районуна жиберилээри айтылды.

Москвада жүргөн көптөгөн кыргызстандык эмгек мигранттар кафе, ресторандарда ашпозчу, идиш жуугуч, официант болуп иштешет. Кыргызстандыктарды айрыкча жапон тамагы - суши даярдалчу ресторандарда көп жолуктурса болот. Ошону менен бирге мигранттар – калктын эң коргоосуз катмары. Алар арзан жумушчу күчү катары кабыл алынып, айрымдарынын документтери жок болгондуктан, укуктары тебеленип келет.

Эсен Алиев күйүп кеткен ресторанда иштеген жүк ташуучулар күнүнө 700 рубль алышып, электриктин да жумуштарын аткарышчу дейт.
“Аларды бардык эле жумуштарга айдай беришчү”, - дейт Эсен Алиев.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG