Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:51

Йеменден Кыргызстандын дагы он жараны чыгарылды


Йеменден чыгарылып жаткан Тажикстандын медиктер. 4-апрель, 2015
Йеменден чыгарылып жаткан Тажикстандын медиктер. 4-апрель, 2015

Алар Орусия бийлигинин жардамы менен кооптуу аймактан чыгарылганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, дагы 16 кыргызстандык жаран Йеменде калды. Алар өлкөнүн түндүк провинцияларында негизинен Мукалла шаарына жакын Хадрамаут аймагында турушат. Коопсуздуктан улам, аларды алып чыгуу маселеси азырынча чечиле элек. Анткени Мукалладан борбор калаа Санага келүү үчүн автобус менен 14-15 саат жол жүрүүгө туура келет. Жол өкмөттүк аскерлердин көзөмөлүндө болгону менен магистралдын боюндагы айрым аймактарда хусит согушкерлери болушу да ыктымалдыгы айтылууда. Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиясындагы Кыргызстандын элчилигине таянып тараткан маалымат боюнча Йемендин түндүгүндө абал тынч, буга байланыштуу ал жакта жашаган мекендештерден куткаруу тууралуу суроо-талап болгон эмес. Ошентсе да кыргыз бийлиги орус өкмөтү менен Йемендин түндүгүндөгү кыргызстандыктарды эвакуациялоо маселесин сүйлөшүүдө деп айтылат маалыматта.

Йеменде өкмөттүк күчтөр менен хусит эрегишчилери ортосунда айыгышкан согуш жүрүүдө. ​26-марттан бери Сауд Арабия баштаган коалиция хуситтерге каршы абадан сокку ура баштады.

Бейрасмий маалымат боюнча, Йеменде болжол менен 50гө жетпеген кыргыз жараны бар, бүгүнкү күнгө чейин алардын көпчүлүгү өлкөдөн чыгарылып кетти. Алардын көбү ошол жакта иштеген медицина кызматкерлери.​(ZKo)

XS
SM
MD
LG