Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Бабанов: Кумтөр маселеси Коргоо кеңешинде чечилиши керек


Кумтөр маселеси же 50/50 үлүш ишкана түзүү менен, же улутташтыруу жолу менен чечилиши керек. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында "Республика Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов билдирди. Бул үчүн, Бабановдун пикиринде, президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин жыйынын чакырып, ага парламенттеги фракция башчылары катышуусу керек.

Бүгүн парламент Кумтөр долбоору боюнча быйыл февралда өкмөткө берген тапшырмасынын аткарылышын талкуулоодо.

Жогорку Кеңеш 26-февралдагы жыйынында өкмөткө бир ай ичинде Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди, ал болбосо улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун алып келүү тапшырмасын берген.

7-апрелде Оторбаев Кумтөрдө үлүшү теңме-тең болгон биргелешкен ишкана түзүү пайдасыз экенин, аны улутташтыруу демилгеси да начар сунуш экенин белгилеген. Кумтөр мурунку бойдон иштей бериши керектигин кошумчалап, эгер кимдир бирөө башка оптималдуу вариант сунуштаса, ошол адамга ордун бошотуп берүүгө даярдыгын билдирген. (AiT/RK)

XS
SM
MD
LG