Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Иран: державалар ядролук куралдан арылсын


Өткөн аптада ири державалар ядролук программа боюнча макулдашууга жетишкенде Иран эли тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти чоң шаң менен тосуп алган
Өткөн аптада ири державалар ядролук программа боюнча макулдашууга жетишкенде Иран эли тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти чоң шаң менен тосуп алган

Иран ядролук державаларды ядролук куралдарын жок кылбады деп айыптап чыкты. Мындан бир апта мурда эле Иран жана дүйнө лидерлери Тегерандын ядролук программасын чектөө боюнча алдын ала макулдашууга жетишкен эле.

Иран өзөктүк куралы бар өлкөлөрдү "куралдарын жок кылбады" деп айыптап, ядролук куралсыздандырууну макулдашылган мөөнөткө чейин ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү баштоого чакырды.

Ирандын Бириккен улуттар уюмундагы элчисинин өкүлү Голам Хоссеин Дехгани 8-апрелде АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция куралсызданууга сөз берип, бирок убадасына турган жок деди.

Ал ядролук куралды жок кылуунун эң таасирдүү жолу «ар тараптуу, аткарылышы милдеттүү, өзгөрбөс жана аткарылышын текшерүү мүмкүн болгон» келишим түзүү экендигин билдирди.

Дехгани ошондой эле дүйнө державаларынын атомдук куралдарын жок кылуунун күн тартибин аныктоо зарылдыгын айтты.

Жон Керри
Жон Керри

Бул күнү Ак үйдүн мамлекеттик катчысы Жон Керри Ирандын ядролук келишими боюнча мындай билдирүү жасады:

- Биз Жакынкы Чыгыштагы досторубузга жана союздаштарыбызга айтканбыз. Ирандын ядролук куралы болбосо, андан коркунуч да азыраак болот. Ошол эле убакта орунсуз же эл аралык мыйзамга каршы келген, же аймактагы туруктуулукка жана биздин достордун кызыкчылыктарына каршы келген кийлигишүүгө макул болбошубуз керек.

Мындан дээрлик бир апта мурда Иран, БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсү жана Германия Тегерандын ядролук программасын чектөөчү келишимдин шарттарын макулдашкан эле. Батыш өлкөлөрү бул программа атомдук курал жасоо максатын көздөйт деп шектенишет. Иран бул программасын чектесе, ага каршы киргизилген санкциялар жеңилдетилмек.

Бул жааттагы макулдашуу 30-июнга чейин такталып бүтүшү керек. Иран өз программасы тынчтык мүнөздү гана көздөрүн айтууда. Иран Жакынкы Чыгыштагы ядролук куралы бар деп саналган Израил менен кас мамиледе экендиги маалым.

Ядролук куралга каршы өткөн акция. Түштүк Корея
Ядролук куралга каршы өткөн акция. Түштүк Корея

Ирандын эми ядролук куралдарды жок кылуу чакырыгы бул өлкөнү Орусия менен тирештирүүсү мүмкүн. Себеби, Орусия Иран менен ымалаш мамиледе болгон менен, АКШнын кадыресе куралдары көп экендигине ичи чыкпайт. Ошондой эле АКШнын ракетадан коргонуу долбоорун өзүнө каршы багытталган деп чочулайт.

Орусия жаңы СТАРТ келишимине каралган чектөөлөрдөн ашпаган таризде өзүнүн өзөктүк арсеналын жакшыртуунун далалатында болуп келет. Аталган келишим АКШ менен Орусияны ядролук дүрмөттөрүн 2018-жылга чейин 1550гө кыскартууга милдеттендирет.

Кансыз согуштун мезгилинде кас мамиледе болгон Москва менен Вашингтондун ядролук куралдарынын саны дүйнөдөгү өзөктүк арсеналдын 90 пайызын түзөт. Эки өлкөнүн алакасы кийинки кездери Украина жаңжалына байланыштуу кескин начарлап кетти.

XS
SM
MD
LG