Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр башталды


Иран делегациясынын башчысы Саед Жалили жана Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жтекчиси Кэтрин Эштон Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө, 21-январь 2011-жыл
Иран делегациясынын башчысы Саед Жалили жана Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жтекчиси Кэтрин Эштон Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө, 21-январь 2011-жыл

Стамбул шаарында Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башталды. Эки күндүк жолугушуу жемиштүү аяктайт деп ишенгендер аз болгону менен Вашингтон бул ирет Иран менен сүйлөшүү үчүн “конструктивдүү процесске” өбөлгө түзүлөт деген үмүттө.

АКШ, Россия, Кытай, Британия, Франция жана Германиянын расмий адамдары кирген топту Стамбулга Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кэтрин Эштон баштап барды.

Эки күндүк сүйлөшүүлөрдө саясатчылар Ирандын өзөктүк программасы боюнча мунаса табуу жолдорун талкуулашмакчы.

Марк Тонер
20-январда АКШ мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Марк Тонер Вашингтон Иран менен диалог жүргүзүү үчүн “конструктивдүү процесс” жанданат деп ишенерин билдирди:

- Биз бул сүйлөшүүлөрдөн ири бир майнап чыгат деп күтпөйбүз. Бирок Ирандын эл аралык коомчулук менен кызматташуусун баштоосу үчүн конструктивдүү процесске шарт түзүлөт деп ишенебиз.

Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки айлампасы 14 айлык тыныгуудан кийин былтыр декабарда Женева шаарында өткөн. Бирок, байкоочулардын баамында, көзгө урунаарлык ийгилик алып келген эмес.

Айрым маалыматтарга караганда, Стамбул жолугушуусунда уранды суюк отунга айырбаштоо идеясы талкууланат. Андай келишимдин алдын ала долбоору 2009-жылы макулдашылып, бирок көп узабай үзгүлтүккө учураган.

Бушер
2010-жылдын май айында Бразилия жана Түркия Иран менен өз алдынча ошондой эле келишим түзүшкөн эле, Батыш аны жактырбай чекте каккан.

20-январда Ирандын Өзөктүк кубат боюнча агенттиктеги өкүлү Али Асгар Солтание Москвадагы сапары маалында Тегеран уран менен суюк отунду айырбаштоо келишимин жактаарын айтты:

- Тегеран декларациясын жактайбыз жана суюк отунду айырбаштоо жөнүндө Вена тобу менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даярбыз.

Сөз болгон келишимге ылайык, Иран чала байытылган урандын белгилүү бир көлөмүн өткөрүп, ал үчүн дүйнөлүк державалар Тегерандагы илимий изилдөөлөр реакторуна отун берип турмакчы.

Иран айтканынан кайтпайт

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Стамбулда Иранга каршы санкцияларды алып салуу маселеси да күн тартибине киргизилиши ыктымалдыгын айтты:

- Орусия жана алтылыкка кирген калган өлкөлөр сүйлөшүүлөрдүн чордонунда, албетте, Ирандын өзөктүк программасы жана ошол программанын алкагында чечилбей келаткан маселелер болууга тийиш деп эсептешет. Ошол эле маалда Иран МАГАТЭ менен эффективдүү кызматташып, күмөн туудурган суроолорго жооп бере баштаганда санкцияларды алып салуу перспективасы да күн тартибине киргизилиши керек.

Тегерандын түштүгүндөгү уран байытуучу Натанц заводу
Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад "диалогдун натыйжалуу болушун кааласаңар, санкцияларды алып салгыла" деп дүйнөлүк державаларга кайрылган. Аны менен бирге Иран лидери анын өлкөсү атомдук программасынан “бир да кадамга чегинбейт” деп эскертти.

Тегеран уран байытуу иштерин токтуудан баш тарткандыгы үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши соңку бир нече жылдын ичинде 4 ирет санкция киргизген.

Батыш Ирандын өзөктүк программасы курал жасоого багытталган деп чочулоодо. Ислам жумуриятынын жетекчилиги болсо программа тынчтык максаттарын гана көздөйт деп ырастап келатат.

XS
SM
MD
LG