Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Иранды ынандырууга Түркия менен Бразилия киришти


Иран президенти бразилиялык кесиптешин сый -урмат менен тосуп алды. Тегеран, 16- май, 2010-ж.
Иран президенти бразилиялык кесиптешин сый -урмат менен тосуп алды. Тегеран, 16- май, 2010-ж.

Ирандын өзөктүк программасынын айланасында түзүлгөн чалкеш кырдаалды жөнгөрүү аракетин ушу тапта Бразилия менен Түркия көрүүдө. Тегеранга кечээ дипломатиялык миссия Бразилиядан президент, Түркиядан тышкы иштер министри барган. Сүйлөшүүлөргө Түркиянын өкмөт башчысы да аралашканы турат.

Иран президенти Махмуд Ахмадинежад бразилиялык кесиптеши Луиз Инасио Лула да Силваны Тегерандагы сарайында жылуу тосуп алып, тараптар кечээ сүйлөшүүлөрдүн алгачкы бөлүгүн өткөрдү. Бразилия президентинин артынан Тегеранга Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы барды. Ал эми кечээ кечке жуук түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган да Ирандагы сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Азербайжанга бүгүнкүгө белгиленген иш сапарын токтоткону маалым болду. Бул тууралуу Режеп Тайып Эрдоган өзү билдирген.

Бразилия менен Түркиянын Ирандагы дипломатиялык миссиясынын максаты - расмий Тегеранды өзөктүк отунду алмашууну караган келишимге көндүрүү.

Батыш өлкөлөрүнүн Ирандын өзөктүк программасы боюнча камтамачылыгын басууну караган бул келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк отунга жарагыдай деңгээлде байытылган уранга алмашуу үчүн өзүнүн аз байытылган уранын сыртка жиберүүсү керек. Иран андай алмашуу өлкөнүн ичинде жүргүзүлүүсүн талап кылгандыктан келишим былтыр октябрда ишке ашпай калган. Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн жума күнкү билдирүүсүнө караганда, азыр бул маселе боюнча макулдашууга жетүүгө көмөктөшкүдөй шарт-жагдай бар.

Анткен менен АКШ жана Орусия Бразилия менен Түркия жетекчилеринин Тегерандагы сапарын утурлай ал ийгиликтүү болоруна анчалык ишенбей турганын айтышты.

Маселен орус президенти Дмитрий Медведев жума күнү Кремлде бразилиялык кесиптеши Луис Инасио Лула да Силва менен кездешкен учурда анын Иранды ынандыруу мүмкүнчүлүгүн 30%га баалады:

- Мен Бразилия президентинин миссиясы ийгилик менен аяктайт деп үмүттөнөм. Бул балким БУУнун Коопсуздук кеңешинин алкагындагы белгилүү чечимдер кабыл алынар алдындагы акыркы мүмкүнчүлүк.

Ал эми АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Тегеран Улуттар уюму санкциялардын төртүнчү айлампасын кабыл алганга чейин өзөктүк программасы боюнча айтылып жаткан тынчызданууларга олуттуу мамиле кыларынан шек санарын белгиледи. Клинтондун айтымында, Вашингтон санкциялар боюнча Коопсуздук кеңешинде мунасага жетүү аракетин улантууда:

-Биз Британия жана Коопсуздук кеңешиндеги башка өнөктөштөр менен Иран эгер өзүнүн эл аралык милдеттемелерин жээрүүнү, МАГАТЭ менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткарбоону уланта берсе, олуттуу кесепеттери болорун ырастаган жаңы резолюциянын үстүнөн тыгыз иштеп жатабыз.


Дипломаттардын айтымында, документ Коопсуздук кеңешинин кароосуна балким ушул апта ичинде жөнөтүлүп калышы мүмкүн.

Иранда өзөктүк реактор куруп жаткан жана ага курал сатып жүргөн Орусия мурда санкцияларга каршы болуп келген. Бирок соңку айларда бул маселеде акырындык менен АКШнын турумун көздөй ыктай баштаганы байкалууда. Азыр Орусиянын пикири боюнча да Ирандын чыныгы ниетине байланыштуу шек санаткан жагдайлар бар. Иранды ынандыруу аракетине киришкен Түркия менен Бразилия - учурда БУУнун Коопсуздук кеңешинин ротациялык негизде келген, туруктуу эмес мүчөлөрү. Алар азырынча БУУнун Коопсуздук кеңеши санкциялардын төртүнчү айлампасына барышына каршы чыгып келүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG