Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:35

Букмекердик кеңселер жабылмай болду


Ушу тапта өлкөдө 500 чамалуу букмекердик кеңсе бар экени белгилүү.
Ушу тапта өлкөдө 500 чамалуу букмекердик кеңсе бар экени белгилүү.

Президент Алмазбек Атамбаев букмекердик кеңселердин жана тотализатор бюролордун ишине тыюу салган мыйзамга кол койду.

Мыйзам демилгечилери аталган мекемелер казино сыяктуу эле кумар оюндарына кирерин, андан көптөгөн адамдар жабыркап жатканын жүйө келтиришкен. Букмекердик кеңселер мыйзам аркылуу жабылганы менен алар ишмердүүлүн көмүскөдө жүргүзө берээрин, мындай жагдайда өкмөт салыктан кур калаарын айткандар да бар.

Бул мыйзамды бир нече эл өкүлү жана өкмөт демилгелеп, Жогорку Кеңеш ушул жылдын 25-февралында кабыл алган. Эми президент кол коюп, мыйзам 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Демилгечилер мыйзамдын негизги максаты кумар оюндарына тыюу салуу экенин айтышууда. Алардын пикиринде, букмекер кеңселери тыю салынган кумар оюндарын тымызын уюштурушат. Демилгечилердин бири - Жогорку Кеңештеги вице-спикер Төрөбай Зулпукаров:

Төрөбай Зулпукаров
Төрөбай Зулпукаров

- Букмекердеги онлайн ставкалар бул казинонун эле ролун аткарат экен. Ошондуктан кумарканаларды жабуу үчүн мындай жайлардын дагы ишин токтотуу керек болчу. Эми биз эки жагын карап көрдүк. Эгерде мамлекетке көбүрөөк акча түшсө жабылбайт эле. Эми ал жерден болгону 17 миллиондун тегерегинде гана салык түшөт экен. Анан бул мыйзам долбоорду сунуштап, өткөрдүк.

"Тыюу салынган нерсе таттуу болот" демекчи, мыйзам аркылуу тыйып коюу менен эле маселе чечилбейт, букмекердик кеңселер эми көмүскөдө иштей башташат дегендер да бар.

Ушу тапта өлкөдө 500 чамалуу букмекердик кеңсе бар экени белгилүү. Жайнаган мындай букмекердик кеңселер бир күндө жабылып, ишин токтотуусу да мүмкүн эмес. Парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешев алар көмүскө иштеп, казына салыктан куру калаарын айтууда:

- Билесиңер казинону деле мыйзам аркылуу жапканбыз. Бирок казинолор көмүскөдө иштеп жатат деген сөздөр бар. Ошол сыяктуу эле мыйзам тыюу салган менен букмекердик кеңселер да иштей берет. Эми бюджетке салык да түшпөйт. Биз андан көрө эки-үчөөнү калтырып, аларга көзөмөлдү күчөтүп иштетиш керек болчу.

Эми букмекердик кеңселер жабылса, анын кожоюндары кирешелүү бизнестеринен айрылганы турушат. Бишкек шаарындагы ири букмекердик кеңселердин биринде иштеген атын атагысы келбеген жаран бир канча адам да жумушсуз каларын айтат. ​

- Биз казинодой кумар оюндарын ойнотпойбуз. Спорттук мелдештерге акча сайылат. Мунун эмнеси жаман? Шаардагы букмекерлерде канчалаган жумушчулар бар, эми алар кайда барышат? Анда мамлекет жумуш ордун түзүп берсин. Бул жактан бошоп калсак, Орусияга кетиш керек, эми ал жакта деле жакшы болбой жатат. Казинолорду жапканда да жумушчулар талаада калган. Биз дагы эми кайда барабыз? Бизди ойлогон эч ким жок.

Айрым байкоочулар букмекер кеңселери менен тотализаторлорго толугу менен тыюу салуу кумар оюндары көйгөйүн чече албай тургандыгын белгилешет.

Кыргызстанда 2012-жылдан тарта мыйзам аркылуу казино, кумарканаларга тыюу салынган. Бирок азыр деле эл арасында кумарканалар көмүскө иштеп жатканы айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG