Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Көл жээгине көз арткан кумар бизнеси


Кумар бизнесин Ысык-Көлдө жандандыруу туризм тармагынан түшкөн кирешени арбыта алабы?

"Арай көз чарай" талкуусуна “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова, туризм тармагы боюнча эксперт Бакыт Бакетаев, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жана “Турист.кг” клубунун мүчөсү Сыргак Чокоев катышты.

“Азаттык”: Кумар оюндарын Ысык-Көлдүн жээгинде ачуу туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошо алабы?

Рыскулова: Кумар бизнеси тууралуу маселе эки жылдан бери көтөрүлүп келатат. Мурунку президент Роза Отунбаева казинолорду жабуу тууралуу мыйзамга кол коюп, буга чекит койду эле. Эми кайрадан кумар бизнесин жандандыруу маселеси көтөрүлө баштады. Менимче мунун артында жеке кызыкчылык, акчалай кызыкчылык жатат.

Үмөталиева: Мен кумар бизнесин колдобойм. Бирок ага таптакыр тыюу салып, ойнотпой коюу да туура эмес. Андан көрө өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында карап көрүү керек. Казино менен оюн автоматтарын, компьютерде ойнолуп жаткан түрдүү оюндардын айырмасы чоң. Жаш, мектеп жашындагы балдарды азгырып жаткан ушул оюндарга да тыюу салынсын.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:01 0:00
Түз линк

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:19 0:00
Түз линк


Казино деген көрүнгөн адам келип ойной берүүчү оюн эмес, ага акча керек. Мисалы, Дубайда казинолор бар, бирок алар беш-алты жылдыздуу мейманканаларга гана жайгаштырылган. Бизде азырынча андай мейманканалар жок. Экинчиден, ошондой мейманканаларды чек араларга, мисалы Баткенге куруп, анда казино ойнотуп, андан түшкөн кирешени облустун инфраструктурасын өнүктүрүүгө, чек араны бекемдөөгө жумшаса болот. Бишкекте ачууга мен да каршымын.

Бакетаев: Азырынча өкмөт, парламент казино маселесин козгоодон алысыраак боло турса жакшы болмок. Мен аларды түшүнүп турам, ооба, мамлекеттик казынаны кантип толтуруунун жолдорун издеп атышат. Бирок ошентсе да кумар бизнеси Кыргызстанда бышып-жетиле элек.

Чокоев: Бул көйгөйлүү маселе. Бирок кумар бизнесин Ысык-Көлдө ачуунун кереги жок. Анткени андан мамлекеттик казынага эч кандай пайда жок. Казинолор ачылса эле туристтер Көлгө жабылып келип калат деп ойлобойм. Казакстандан жана башка жактан капчыктуу байлар келип ойноп, акчасын таштап кетет деген куру кыял. Анткени андай байлар Лас-Вегаска, Монте-Карлого деле барып ойной беришет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG