Гезит окурмандар азайып баратат
Кыргызстандагы "Басма сөз" ачык акционердик коому ушу тапта гезит-журналдарды калкка таратуунун, ишкананы өнүктүрүп бутуна тургузуунун жаңы жолдорун издеп жаткан чак. "Басма сөз" мекемесинин башкы директору Аскарали Нишанов ушундай максатта Европадагы бир нече өлкөнүн тажрыйбасын үйрөнүп жүрөт. Чехияга келгенде "Азаттыктын" Прагадагы студиясында чакан маек курду.