Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:16

Жамал Фронтбек кызы: Аял абактан кийин да сыноого кабылат


 Жамал Фронтбек кызы
Жамал Фронтбек кызы

Кыргызстанда аялдар мунапыс алып түрмөдөн бошонуп чыккандан кийин коомго аралашып кетүүсүнө шарт барбы? "Азаттык" "Мутакаллим" аялдар уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы менен ушул темада маектешти.

Фронтбек кызы: Абактан чыккан аялдарды реабилитациялоо үчүн мамлекеттик деңгээлде бир борбор курулса жакшы болмок. Себеби абакта 10-15 жыл жаткан аялдар бошонуп келгенде аларды көптөр кабыл албайт. Күйөөсү башка бирөөгө үйлөнүп алган болот, балдары “апабыз абакта жатып келди” деп уялат.

Реабилитациялык борбор ачылса, алар үч же алты ай өзүнө келип, психологдордун жардамын алып, жумуш таап ала тургандай шарт түзүлмөк. Тилекке каршы, азыр андай мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Иш таппай, эч ким кабыл албай турган мезгилде алар кайра кылмышка барышы мүмкүн.

"Азаттык": Ошондой абалга туш болгондор көппү?

Фронтбек кызы: Бул боюнча расмий статистика жок, бирок түрмөнү карап көрсөк, экинчи, үчүнчү, жада калса алтынчы жолу отуруп калган аялдар бар. Мунун баары, менимче, жанагыдай колдоо, жардам болбой жатканынан чыгууда.

"Азаттык": Белгилүү болгондой, Кыргызстанда бир гана аялдар түрмөсү бар. Ал Степное айылында жайгашкан. Донорлор каражат бөлүп, ошол жерде тигүү жана башка цехтер ачылып жатат, аялдар иш менен камсыз болууда деп угуп калабыз...

Фронтбек кызы: Туура, түрмөнүн ичинде цехтер көп. Ал жакта көп эле аял иштейт. Бирок абактан чыккандан кийин айлык алып, Социалдык фондго каражат чегерип иштей тургандай шарт түзүлбөй жатат. Мына, Европа мамлекеттерин карап көргүлөчү, ал жакта атайын долбоорлор бар. Психологдор жардам берип, аялдардын кайра түрмөгө түшүп калбашына аракет кылышат.

Ал эми бизде күнөөсү олуттуу болсо деле, анча оор болбосо деле чогуу отургузуп коюп жатабыз. Биринчи отурганы менен алтынчы жолу кесилгени да бир жерде отурат. Арасында өспүрүм кыздарыбыз да бар. Аларды сактап калуу үчүн түрмөгө түшпөгөндөй же ал жактан чыккандан кийин колдоо көрсөтүү деген максат коюлушу керек. Эркинен ажыратканда деле баары оңолуп кетпейт. Тескерисинче, бузулуп чыгып жатат. Андыктан биз алардын коомго кайра кошулуусуна, түзөлүүсүнө багытталган саясат, өнөктүк жүргүзүшүбүз керек.

"Азаттык": Сиз бул оюңузду көптөн бери айтып келатасыз. Бийлик, өкмөт жакта уккандар, аракет кылгандар барбы?

Фронтбек кызы: Биз өз аракетибизди кылып жатабыз. Аялдар түрмөсүндө атайын борбор ачканбыз. Динге, Кудайга, ыйманга тартылып, араб тилин үйрөнүп жатышат. Бирок андан тышкары эч кандай иш жасалган жок.

"Азаттык": Сиздер аялдар абагы менен байланышта болгондуктан кабарыңыз бардыр, кесилгендердин жаш курагы, жасаган кылмышы боюнча кандай тенденция байкалууда?

Фронтбек кызы: Ар кандай. Статистика боюнча көбү адам өлтүрүп алгандар. Негизи эле ушул мыйзамды карап чыгышыбыз керек. Себеби аялдардын көбү өзүн өзү коргойм деп жатып чогуу жашаган адамын же күйөөсүн өлтүрүп алып, көпкө отуруп калууда. Экинчи орунда – маңзат үчүн соттолгондор. Ал эми үчүнчү орунда опузалоо кылмышы.

"Азаттык": Маңзат боюнча түшкөндөр көбүнчө аларды башка бирөөлөр пайдаланганы үчүн камалып калганы тууралуу айтылып калат...

Фронтбек кызы: Ооба, пайдаланып кеткендер көп. Мисалы, жаш кыздар жигити “сен муну посттон өткөрүп берсең эле үйлөнөбүз”, “бул баштыкты берип койсоң” деп суранганда колго түшүп калганын айтып беришет.

XS
SM
MD
LG