Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Казакстандагы кырсык ондон ашык адамдын өмүрүн алды


Жол кырсыгы болгон жерде
Жол кырсыгы болгон жерде

19-апрелде Казакстандын Алматы-Екатеринбург жолунда болгон кырсыктан 16 киши каза тапты. Каза болгондордун ичинен кеминде үчөө жаш балдар болгон.

Каза болгондордун ичинен 12 адам жана жаракат алгандардын төртөө Кыргызстандын жараны экени тастыкталды. Денеси таанылгыс болуп күйүп кеткен дагы бир канча кишинин тек-жайы такталууда. Бирок алар да Кыргызстандын жараны болушу мүмкүн деген божомол бар. Каза болгондордун бирөө Казакстандын жараны экени тастыкталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов кабарлады.

Күйүп кеткен унааларды өчүргөн Казакстандын өрткө каршы кызматкерлери
Күйүп кеткен унааларды өчүргөн Казакстандын өрткө каршы кызматкерлери

Кырсык кечээ эртең менен 10дор чамасында Жамбыл облусунун Моюнкум районунда орун алган. Анда «Газель-2705» жана «Мерседес-Бенц спринтер» үлгүсүндөгү машинелер кагышкан. Кыргызстандыктар "Мерседес-Бенц" кичиавтобуста болушкан.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча каза болгон Кыргызстандыктардын тизмеси:

1) Оринбаев Аббас, 2008-жылы туулган;

2) Оринбаев Аброриддин, 2006-жылы туулган;

3) Оринбаева Хадичахон, 2003-жылы туулган;

4) Оринбаева Гавхарай, 1981-жылы туулган;

5) Оринбаева Мавжуда Хамидовна, 1953-жылы туулган (Оринбаевдер Ош шаарынын тургундары болушкан).

6) Арзыкулов Эрлан, 1992-жылы туулган,Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну;

7) Амираев Махамаджан, 1974-жылы туулган, Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылынын тургуну;

8) Сартмамбетов Мукамбет Сейдалиевич, 1982-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Көк-Арт айылынын тургуну;

9) Эрашиев Абдисамат Токтасинович, 1974-жылы туулган;

10) Сайкоев Максатбек, 1985-жылы туулган (ооруканада каза болгон)

11. Джурабаев Бахтияр, 1987-жылы тулган, Ош шаарындагы Сүлүктү көчөсүнүн жашоочусу, «Мерседес-Бенц спринтердин» айдоочу;

12. Абдуллаев Жыргалбек, 1983-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Суу районунун Бекжар айылынын тургуну, «Мерседес-Бенц спринтердин» айдоочу;

Каза болгондордун калгандары такталууда.

Кырсыктан ар кандай деңгээлде жабыркап, Караганды облусунун Приозерск шаардык ооруканасына жеткирилген «Мерседес-Бенс Спринтер» автоунаасынын жүргүнчүлөрүнүн алдын ала алынган тизмеси:

1. Майрамбек уулу Самат – 1993-жылы туулган, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну;

2. Сейтбеков Тайырбек, 1971-жылы туулган, жашаган жери тактала элек;

3. Дарбешов Рустамбек, 1993-жылы туулган, Баткен облусунун Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну;

4. Токтарбаев Темирлан, 1993-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айылынын тургуну.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов 0770 88-00-19 телефон номерине чалып, толук маалымат алууга болорун айтты.

Бекилов: Кырсыкка кабылган унаа Оштон чыккан

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов "Азаттыкка" аталган жол кырсыгы боюнча маалыматтар менен бөлүштү.

“Азаттык”: Абдышарип мырза, кечээ тек-жайы тактала элек жарандардын арасынан аты-жөндөрү тастыкталгандары болдубу?

Кырсыкка кабылган кичиавтобус
Кырсыкка кабылган кичиавтобус

Бекилов: Негизинен кечээ биз жарыялаган алты маркумдун тек-жайлары такталууда. Кечээки кырсыкта набыт болгон беш бир тууган Оринбаевдер Ош шаарынын тургундары экени аныкталды. Эрлан Арзыкулов деген жаран Ак-Талаа районунун Баетов айлынын тургуну экени да тастыкталды. Баткен облусундагы Самаркандек айлынын тургуну Махаматжан Амираев набыт болгондордун арасында бар экени, ошондой эле маркумдардын ичинде Кара-Кулжа районунун тургуну Мукамбет Сартмамбетов бар экени да аныкталды. Дагы бирөө автокырсыктан жарадар болуп, ооруканага жеткирилген отуз жаштагы Максатбек Сайкоев түн ичинде алган жаратынан көз жумду.

Кечээ биз фамилияларын жарыялаган маркумдардын туугандары бизге байланышып жатышат. Бүгүн биздин министрлик тарабынан 19-апрелде Жамбылдагы автокырсыкта набыт кеткен кыргызстандыктардын сөөктөрүн мекенине алып келүү үчүн Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстанга атайын унаа жиберилет. Унаалар Казакстандагы элчиликтин өкүлдөрү Жамбылга барып, дагы кошумча маалыматтар берилгенден кийин жолго чыгат. Алматыдагы Кыргызстандын консулу бүгүн түшкө чейин Жамбылга барып калары айтылган.

“Азаттык”: Кырсык Алматы-Екатеринбург жолунда болгону айтылып жатат. Кырсыкка учураган кичиунаалар Екатеринбургга бараткан болушу мүмкүнбү?

Бекилов: Биз тактаган маалыматтар боюнча кырсыкка учураган автоунаалардын бири спринтер үлгүсүндөгү “Мерседес-Бенц” кичиунаасы бир күн мурун Ош шаарынан жолго чыкканы тууралуу да маалымат болууда. Андагы жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү Ош шаарынын жана Ош облусунун жарандары экени да аныкталып жатат.

“Азаттык”: Кырсыкта набыт болгондордун арасында жаш балдар да бар экени айтылды. Дагы канча адамдын тек-жайы тактала элек болуп жатат?

Бекилов: Тек-жайлары тактала элек сөөктөрдүн арасында да жаш балдар болушу мүмкүн. Анткени өзүңүздөр сүрөттөн көргөндөй, кишилердин денелери таанылгыс болуп күйүп кеткен. Азыркы учурда бизде канча киши күйүп кеткени тууралуу да так маалымат жок. Анткени кичиунаада канча киши болгону тууралуу да так маалымат болбой жатат. Себеби Оштон чыккан кичиунаада он тогуз, жыйырма, айрым маалыматтар боюнча он сегиз киши болушу мүмкүн. Азыркы учурда Казакстандагы кесиптештерибиз булардын үстүнөн тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

“Азаттык”: Маалыматтарыңыз үчүн чоң рахмат!

XS
SM
MD
LG