Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Жылдыз: Жыргагандан тилемчи болбодум


Жылдыз: Жыргагандан тилемчи болбодум
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00

Кара тору, жапалдаш бойлуу 26 жаштагы Жалил кызы Жылдыз Бишкектин көчөлөрүнүн биринде кайыр сурап жан багат. Чачы кызыл-тазыл боёлуп, бирок көптөн бери жуулбай, кийиз өңдөнүп кеткен бул кыз эки бутун тең үшүккө алдырып, манжалары кесилген. Турмуштун оор сыноосубу же тагдырдын жазмышыбы, айтор анын көчөдө тилемчилик кылганына бир топ болуп калыптыр.

XS
SM
MD
LG