Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

Кремлдин оппоненттери Немцовдун отчетун жарыялашат


«Путин. Согуш» деп аталган отчеттун авторлорунун бири Илья Яшин.
«Путин. Согуш» деп аталган отчеттун авторлорунун бири Илья Яшин.

Орусияда Путиндин оппоненттери эртең (12-майда) Украинадагы согуш жана андагы Орусиянын ролу тууралуу отчетту жарыялаганы жатышат.

Ушул кышта киши колдуу болгон оппозиция лидери Борис Немцов даярдап баштаган отчетту анын шериктери жазып бүтүрүштү.

«Путин. Согуш» деп аталган отчеттун авторлорунун бири Илья Яшиндин "Азаттыкка" билдиришинче, анын маркум досу Борис Немцов февралдын этегинде киши колдуу болоордон эки күн мурда Украинада тымызын согушуп жаткан орус аскерлери тууралуу иликтөөсүнө жардам сураган. Бул отчетту анын шериктештери – Яшин баштаган оппозиция активисттери жана журналисттер жазып бүтүрүштү.

- Биз отчетту сөз кылганбыз. Ал менден аны жазганга жардам сураган. Ал Кремлдин жанында канкордук менен өлтүрүлгөндөн кийин көпкө чейин акыл-эсимди жыйнай албай жүрдүм. Анан досумдун жаркын элеси үчүн бул ишти аягына чыгарышым керек экендигин түшүндүм.

«Путин. Согуш» деп аталган отчет шейшемби күнү жарыяланат. "Азаттык" мазмуну ачыкка чыгарылбайт деген шарт менен бул отчет менен таанышууга мүмкүндүк алды.

Яшиндин айтымында, басмаканаларга кысым көрсөтүлүп жаткандыктан, отчетту басып чыгарууда кыйынчылыктар болууда.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл күчтөрдүн лидери Александр Захарченко
Украинанын чыгышындагы орусиячыл күчтөрдүн лидери Александр Захарченко

Башында Яшин кесиптештери менен отчетту жазууга жетиштүү материал болооруна көздөрү жеткен эмес. Немцов анын урунттуу жерлерин белгилеп, маани-мазмунун да аныктап кеткен. Ал Украинада орусиялык согуштук жабдык, унаалардын бар экендигин көрсөткөн документтерди топтоп, Чыгыш Украинада өлгөн бир нече аскердин туугандары менен маек өткөргөн.

Бирок бул чакан архивдин көбү Немцовдун өлүмүнөн кийин жоголгон. Немцов атып өлтүрүлгөндөн кийин тергөөчүлөр анын батирине барып, компьютерлерди, маалымат сактоочу дисктерди жана кол жазмаларды алып кеткен.

Яшиндин командасы ишти Немцов чогулткан бардык документтерди кайра калыбына келтирүүдөн баштаган. Кээ бирлери анын жардамчылары жана кызматкерлери тарабынан калыбына келтирилген. Алардын арасында Немцов жардамчысы Олга Шоринага өлөөр алдында берген куш тилиндей кол жазмасы да бар. Тыңшоочу аппараттардан сактанып жазылгандыгы болжолдонгон ал баракчада «Кээ бир аскерлер мага чыгып жатышат. 17си өлүптүр. Акчасын төлөшпөптүр, бирок эми акча сурагандан коркуп жатышыптыр» деп жазылган экен.

Немцовду эскерүү акциясы. 1-март
Немцовду эскерүү акциясы. 1-март

Киевдин жана Батыш өкмөттөрүнүн Чыгыш Украинада өкмөттүк аскерлер менен согушуп жаткан жикчилдерге курал жана аскер менен жардам берип жаткандыгы тууралуу айыптоолорун Кремл четке кагып келет.

Яшиндин айтымында, ал Немцовдун бардык байланыштарына чыкты, бирок алардан маалымат алуу абдан кыйын болду:

- Биз алар менен сүйлөшүп, айрым абдан маанилүү маалыматтарды алдык. Бирок алар өз ысымдарын атагылары келбейт. Ушунча коркушканы бизге эң чоң кыйынчылык жаратты.

Отчет менен журналист, активисттерди 12-майда Россиянын Республикачыл партиясы – Парнас уюмунун штаб-квартирасында тааныштырганы жатышат. Материалдардын көбү ачык булактарга таянып жазылган шекилдүү.

Отчетту жазууга катышкандардын арасында Чыгыш Украинадан резонанстуу макалалары менен таанымал Иля Барабанов жана оппозициядагы "Яблоко" партиясынын мүчөсү Лев Шлосберг бар. Шлосберг Украинадагы согушта курман болгон эки аскердин көмүскө көмүлүшүн ачыктагандан кийин белгисиз адамдар тарабынан катуу сабалган эле.

XS
SM
MD
LG